Бактыгүл Чотурова: "Рамаяна" кыйынчылык менен жазылды

26-Апр. 2018, Бейшемби, 15:27

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, белгилүү акын, драматург Бактыгүл Чотурова zaman.kg маалымат агенттигине кызыктуу маек курду.

- Жөнөкөй аялдарга салыштырмалуу, акын аялдар эмнеден көбүрөөк жаңылышат?

- Акын аялдар ишенчээктиктен көп жаңылат. Акындар жаш баладай көп кыялданышат. Себеби, элдин баарын өзүндөй таза көрөт, көп ишенип бат алданат. Поэзиянын таасири бар, поэзия деген бул таза нерсе, акын болгондон кийин ошого жакын болот. Биз ишенчээктиктен көбүрөөк жаңылабыз.

- Үй шартында деле чыгармачыл адамдай болосузбу? Же өзүңүздү кандай сезесиз?

-Чыгармачылык менен эле калем кармап кагазга жазуу эмес, каякта болбосун чыгармачылык бар деп айтышка болот. Мисалы, мен “Беш акын” деген сынакка катышканда акындыктан башка эмне өнөрүңүз бар дегенде өзүм колум менен килемче сайгам, ошону алып баргам. Ал деле мындай карасам чыгармачылык. Анын саймаларын кооз сайып, анын өңү түсүн, ошого ылайыкташтырып, гүлдөрдү түшүрүп, дубалга илгенде жакшы көрүнүп, адамга бир жакшы таасир калтыргандай жаратуу бул да чыгармачылык десем болот. Мен неберелериме кечинде кийип жатчу кийимдерин же болбосо шым күрмөлөрүн өзүм эле тигип берип коем, бул дагы чыгармачылык десем болот.

- Учурда сиз тарбиялаган шакирттер барбы?

- Шакирттерим бар деп айта алам. Жыпар Исабаева деген чоң акын драматург киносценарий жазып жүрөт, азыр телесериал тартып жүрөт. Жыпар экөөбүз “Кыргыз-Туусунда” эрегишип такшалып, 15 жылдан ашык чогуу отуруп иштедик. Жыпараны менин шакиртим деп айта алам. Анын тарбиясы да мыкты алдыман кыя өтпөй эже деп ийилип турат. Чыгармачылыкта биз бир туугандай болуп, бири-бирибизге жөлөк болуп келдик. Мындан башка дагы көп жылдан бери “Нур борбор” деген чыгармачыл уюм бар эмеспи, ошол борбордогу жаштар мени менен көбүрөөк чогуу жүргөндүктөн менин шакирттерим деп эсептейм. Башка кесипке караганда чыгармачылык кызык нерсе. Чыгармачылыкта кээде кошо жүрүп шакирт болот, кээде өңүн көрбөй туруп, анын чыгармасын окуп жүрүп, устат менен шакирт болот. Мисалы, мен бала кезимде Алыкул Осмоновдун чыгармаларын окуп, ырларын жаттап, жатка айтып жүрүп жетилдим. Мен өзүмдү Осмонов менин устатым деп эсептейм. Андан сырткары өзүм көрбөсөм деле борбордо турган акындардын ырларын, Жалил Садыковдун драмаларын көрүп жүрүп, кийин анан өзүнө жолуктум. Чыгармачылыкта ушундай бар, өзүн көрбөй алардын чыгармаларын окуп жүрүп да шакирт устат боло алат.

- Азыркы жаш акындарга кандай баа бересиз?

- Азыр өтө күчтүү топ чыгып келе жатат. Чыгармачыл ”Нур” борбордун ичинде жаш жакшы акындар чыгып атат, алар мамилекет деп карап отурбай өздөрү китеп чыгарып, автордук кечеси болсо бири-бирин колдоп баары чуркаган, абдан мыкты балдар-кыздар. Алардын аттарын атасам Умар Усубалиев, Бердибек Жамгырчиев, Акбар Кубанычбеков булардан улуурактары Мирлан Самыйкожо, Алтынбек Исмаиловдор. Ушулар муун-муун болуп бөлүнүп, бирине-бири канат-бутак болуп келе жатышат. Кыргыз поэзиясында Максат Жангазиев, Мелис Маматжанов деген акындар чыгып келе жатышат. Кыргыз поэзиясында өсүү бар дейм.

-Акындын жыргалы да, кайгысы да ыр деп калат го...

-Бул чындык, акындын жыргалы - ал өзүнүн каалаган жакшы ырын жаратып, ошого канаттаанып алганда. Ошол мезгилде ал жыргайт, кээде бир кайгыны башынан өткөрөт, ошондо аны жазат. Турмушта ар кандай нерсе болот, акындын кайгысы аны жеңиш керек.

- Акындыкты журналисттик кесип жеп коет. Макала жазууда бардык энергия кетет дешет... Сиз акындык менен журналисттик кесипти бирдей кантип алып жүрөсүз?

- Ооба мен бир нече жылдан бери эки кесипти бердей алып келе жатам. Журналисттик кесип нан таап үй-бүлөнү багуу үчүн керек, анын жоопкерчилиги өзүнчө. Акындык болсо бул Кудай берген өнөр, муну кесип деп айтканга да болбойт. Журналистик кесип жеке чыгармачылыкты жебейт, менин оюмча экөө бири-бирине дал келип таягандай болот. Себеби журналист кимдер менен гана жолукпайт, кайсы жакка гана барбайт, ошондон бир идеаларды, образдарды табат, ошол эле нерсе жүрөгүңдөн ыр болуп чыгат. Ал эми бир гана нерсе бар журналисттик кесипте убакытты жеши мүмкүн. Себеби журналист материалдарын бүгүнкүнү бүгүнкүгө чыгарышы керек. Болбос, эртең кеч болуп калат. Бул кесип эч кандай акындыкка зыяны жок.

- Акын айымдар үйдө мыкты кожейке боло алышпайт дегенге кандай көз караштасыз?

- Сонун эле кожейке болушат. Менин 5 кызым бар, төрт кызымды күйөөгө бердим. Куда күттүм, неберелерди көрдүм. Кыргызда жамандык-жакшылык деген салтыбыз бар, алардын баарына эле катышып жүрөм. Бир гана нерсени билдим, бул чыгармачылыкта да, башка ишти жасоодо да жалкоо болбош керек. Чыгармачылыкта өзгөчө жалкоо болуп өзгөчө шылтоо таппаш керек. Көкүрөктө чыга турган нерсени ошол замат жазып калыш керек, ар кандай шылтоо менен токтотуп койбой. Мен чыгармачылык менен көбүнчө түндө иштейм, себеби аялдык энелик түйшүк журналисттик нан таап жеген кесибимдин баары күндүз болот. Кээде оюңда, башыңда болгон идеалардын баары түндө келет. Эч ким сага жолтоо болбой, тынчтык менен, түнкүсүн үйдөгү китепканамдан чыкпай иштейм.

- Театр жан дүйнөнү тазартат. Драма театрында болуп өткөн, театрдын репертуарына кошулуп, сиздин калемиңизге таандык Индия элинин улуу эпосунун негизинде сахналаштырылган “Рамаяна” спектакли жөнүндө айта кетсеңиз?

- Спектакль жаңы эле премьерасы Кыргыз драма театрында болду. Эми кыргыз драма театры бул жумада Каракол шаарындагы Касмалы Жантөшев атындагы театрга төрт спектакль менен гастролго барганы жатат. Ал гастролдун ачылышы “Рамаяна” спектакли менен ачылат. Бул эми Индиянын чоң эпосу, муну ошол Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин, театрдын сунушу менен жазылган. Өтө чоң 7 китептен турган, мифтердин доорундагы Индиянын майда хандыктары башкарып турган, бир нече кылым мурдагы окуя. Бирок ошонун баарын бир жарым, эки сааттык убакытка батырыш өтө кыйын экен. Бир топ кыйынчылык менен жазылды, бирок көрүүчүлөрдүн, эксперттик комиссиянын айтымына караганда өз максатына жеткен спектакль болду дешти. Азыр интернет булактарынан да, көрүчүүлөрдөн да, жакшы ой- пикирлер айтылууда. Ушул театрдын чыгармачылык тобуна да ыраазычылык билдирем, ошолордун эмгеги абдан чоң. Китепке жазып койгону менен драманы кыймылга келтирип, элдин алдына алып чыгыш ошолордун эмгеги. Назым Мендебаиров деген жигиттин режиссерлугу менен абдан жакшы иштештик.

- Көбүнчө сүйүү ырлар жаш кезде көбүрөөк жазылат эмеспи, сиздердин куракка келип калган кезде сүйүү ырлар кантип калды?

-Сүйүү ырлары бул поэзияда өлбөстүктүн темасы деп аталып келет. Себеби саясат башка тармактагылар өзгөрөт, адамдын жаш курагы да өзгөрөт, бирок сүйүү өзгөрбөйт. Адам өзү карыйт, жүрөгү эч качан карыбайт. Ошол үчүн бул түбөлүктүү тема деп айтылат. Мен азыркы убакка чейин ушул теманы жазып келем, жазгым да келет. Мисалы эки жашты көрүп туруп жүрөгүмөн өткөрүп жазышым мүмкүн, башка бирөөнүн сүйүүдөн азап тартканын көрүп аны да жазышым мүмкүн. Бул тема жаш куракка карабайт, жазыла берет. Акын ушунусу менен акын, эгерде акын жашым өтүп калды деп тойлого арнап же досуна арнап жазган болсо мен аны акын деп ойлобойм. Жүрөктөн чыккан нерсени окурмандарга жагымдуу кылып өзүнө тартыла тургандай жеткириш керек.

- Мезгилди адам баласы кантип көрктөндүрүп алса болот?

- Эмгегиң менен гана көрктөндүрөсүң. Мезгил, себеби сенин деңгээлиңди айтып

турат. Мезгилден өткөн тараза жок.

- Адамда акыл-эс жыл жаңырган сайын,өмүр өткөн сайын толуктала берет эмеспи,сиз муну байкай алдыңызбы?

-Мисалы, мен жаш кезимде жаңы жазып жүргөндө тоону көрсөм тоону сууну көрсөм сууну жазгым келип, гүлдү көрсөм аны жазгым келип ушундай кыялдар көп болчу да. Айылда жүргөндө жаратылыш өтө чоң таасир берет адамга.Жаш өткөн сайын ар бир сөзгө, ойго маани берип тереңдеп калат экен ошону байкайм.

- Табияттан эмнени көбүрөөк жакшы көрөсүз?

-Табияттан мен күз мезгилин жакшы көрчүмүн, жалбырактарды кечип, күз айында бакты аралап жүргөндү жактырчумун. Бирок бардык эле мезгилдин өзүнүн касиеттери бар. Кар жаап турганда басып жүргөн да өзүнчө керемет, жаз мезгилине болсо сөз жок. Табияттан мен тоодо өскөндүктөнбү айтор тоону жакшы көрөм, тоону сагынам аба таза. Тоонун сыдырым жели эле канча, андай жел шаарда жок. Тоонун чокусуна чыксаң бетиңди аймалаган жел урат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!