Маршруттук каттамдар өзгөрүлдү

19-Апр. 2017, Шаршемби

Бүгүн, 19-апрелден тарта Бишкек шаарындагы айрым көчөлөр оңдолуп жаткандыктан бир катар троллейбус жана маршруттук каттамдар убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзгөрүү төмөнкү аймактарда болот.

“Тыналиев көчөсүнүн Ахунбаев жана Масалиев (Түштүк магистраль) көчөсүндө чейинки бөлүгүндөгү көчөлөр оңдолуп жаткандыктан №5 жана №14 каттамдагы троллейбустар Айтматов проспектиси аркылуу №1 калкты тейлөө борборунун (Аэрофлот агенттиги) аймагына барып токтойт. Ошондой эле №100, 101, 107, 118, 130, 147, 159, 170, 188, 202, 203, 264 маршруттук каттамдар Ахунбаевден Садырбаев көчөсүнө чейин барып, жогору көздөй жүрөт”,-деп айтылат маалыматта.

Тыналиев көчөсү оңдолуп бүткөндөн кийин маршруттук каттамдар мурдагы калыбына келет. Мэрия шаар тургундарынан ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!