Туристтерге арналган “Ош Фест - 2017”

21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Мындан эки күн мурда ордолуу Ош жергесинде биринчи жолу “Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы болду. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Кыргызстандагы USAID миссиясынын директору Кимберли Роузен, Туризм Департаментинин директору Азамат Жаманкулов, шаар тургундары, меймандары жана чет өлкөлүк туристтер катышты.

Урсула Стрейт: “Кыргыз жери тууралуу тасма тартып жатам”

“Ош Фест – 2017 фестивалда чет өлкөлүк туристтердин көптүгүн байкадык. Алардын арасында германиялык турист жана блогер Урсула Стрейт кыргыз жерине алгачкы жолу келгенин айтты. Буга чейин Тажикстанда болгон. Кыргызстандагы саякаты тууралуу сураганыбызда буларга токтолду:

- Кыргыз жергесине жолдошум экөөбүз биринчи келишибиз. Бул өлкө бизге абдан жакты. Бийик тоолору, арча карагайлары, табияттын кооздугу бизди арбап алды. Кыргызстан тууралуу германиялыктар көп деле биле беришпейт. Мындан улам кыргыз элинин жашоосун, маданиятын, жерин баяндаган документалдык тасма тартып жатам. Буга чейин Тажикстанда болдук. Ал жерге салыштырмалуу бул жактагы жергиликтүү тургундар сыйчыл, меймандос келишээрин байкадым. Азыр бул жактагы саякатыбыз тууралуу соцтармакка байма-бай жарыялап жатабыз. Ал эми фестиваль жогорку деңгээлде өттү.

Театрдын эмгек жамааты "Кыз узатуу" салтын көргөздү

Фестивалдын жүрүшүндө “Этно-Ош” тобу улуттук музыка, ыр, бий тартуулашты, С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын актерлору “Кыз узатуу” улуттук салтын, “Бабур” атындагы өзбек улуттук театры “Жар-жар” айтуу салтын көрсөтүштү. Ош улуттук драма театрынын үн режиссеру Мира Алимованын айтымында, фестивалга театрдын 30га жакын чыгармачыл жамааты катышты.


- Канча кылым карыткан Жибек Жолунун кербенин чагылдырган иш-чара Ош жергесинде өткөнү биз үчүн чоң сыймык. Биздин театрдын эмгек жамааты көч менен чогуу кербенге чыктык. Жөө жүрүштө кыргыздын мурунку эски ырларынан обон создук. Ал эми Т.Сатылганова атындагы улуттук парктда кыргыздын “Кыз узатуу” салтын көргөзүп, сахналаштырдык. Бул иш-чарага театрдын 30га жакын чыгармачыл жамааты катышты.

Гүлазыкка өзгөчө түс берген Сапарбү Бердалиева

Иш-чарада Оштун ашпозчулары жасаган тамак-аштар, жер-жемиштер жана дүйүм-тамактар, чыгыштын түрдүү чайлары, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көрсөтүлдү. Кыргыздын байыркы тамактарынын бири болгон гүлазыкка өзгөчө түс берип, 5 жыл анын үстүнөн иштеп келген жеке ишкер, Гүлазык “Айтпү” таттуусу ишканасынын жетекчиси Сапарбү Бердалиева көргөзмөгө гүлазыктын эки түрүн алып келген.

- Гүл азыкты чыгарууга эле 5 жыл убактым кетти. Элге сатыкка чыгарганыбызга 1 жылга жакындап калды. Гүл деген апа, азык деген дан азыгы, эт азыгы болуп эсептелет. Бул азык унутта бара жаткандыктан аны жайылтууну максат кылып, учурда эки түрүн чыгарып жатам. Дандан жанан кургатылган жемиштен. Суусундугу дагы өзүнчө чыгарып жарма жасап сатуудамын. Айрыкча “Д” витамине көп көңүл буруудабыз. Себеби акыркы убакта “Д” витаминин жетишпегендиктен балдардын, аялдардын саламаттыгы начарлоодо. Ушундан менин максатын каражат табуу гана эмес, элдин ден соолугун биринчи орунга коюу.

Кадырбаев: “Ош шаарынын туристтик потенциалы жогору”

Ош шаарынын мэрия Айтмамат Кадырбаев улуттук каада-салтты, үрп-адатты, маданиятты камтыган эл аралык фестивалдын, алгачкы жолу Ош шаарында өтүп жаткандыгы чоң жетишкендик экендигин белгилейт.

- Тарыхый мурастарга бай Ош шаарында “Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы өтүшү тарыхыбызга жана маданиятыбызга дагы көөнөрбөс из калтырды деп ойлойм. Бул иш-чара улуттук көрөңгөнүн жүзүн көрсөтүп, патриоттуулук сезимдерди күчөттү. Улуттук каада-салт, үрп-адат, маданият эч качан бөксөрбөйт. Бул кыргыз элинин ынтымагын, улуттардын өз ара биримдигин, өлкөбүздүн тынчтыгын даңазалайт. Шаардын туристтик келечеги кең, туристтик потенциалы жогору.

Кимберли Роузен: “Фестиваль туристтерди тартууда чоң мүмкүнчүлүк түзөт”

Иш-чара USAID тарабынан колдоого алынган. Кыргызстандагы USAID миссиясынын директору Кимберли Роузен фетиваль тууралуу буларга токтолду:

- Бул фестивалды сыймыктануу менен колдоп келдик. Анткени ушул иш-чара Ош шаарындагы калаанын бай тарыхын көрсөтүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк берди. Мындай иш-чара туристтерди тартууда чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Анткени ушундай фестивалда келген коноктордун баары байыркы Жибек Жолунун таасири астында жергиликтүү маданиятка күбө болушуп, тамак-аштардан даам татып, элдин маданияты менен жакындан тааныша алышат. Бул фестиаль Кыргызстандагы USAIDдин туризмди өнүктүрүү экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү багытындагы ири иш-чаралардын бири болуп эсептелет.

Азамат Жаманкулов: “Туристтерди Кыргызстанга тартуу иштери жүрүүдө”

Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов дүйнөдө туристтердин саны 1 милларддан ашуун болсо, анын 20 пайызы Улуу Жибек жолундагы каттам менен барганга кызыктар экенин айтат.


- Дүйнөдө туризм динмакалык түрдө өнүгүп келе жатат. Бүгүнкү күндө туристтердин саны боюнча 1 миллиард 200 миллиондун тегерегинге жетти. Ошонун кандайдыр бир чоң бөлүгүн Кыргызстанга тартуу аракети жасалууда. Кыргызстанды Азия чөлкөмүндөгү туризмдин мекенине айландырууга белсенип жатабыз. Алардын бири катары “Ош-фест – 2017” уюштурдук. Ош шаары бир учурда Улуу Жибек жолунун маданияттар цивилизациялар соода байланышынын борбору болгон. Мына ошол брендди дүйнөлүк коомчулукка жарыялашыбыз керек. Анткени башта атап өткөнүмдөй дүйнөнүн 1 миллиард 200 миллион туристтин 20 пайызы Улуу Жибек жолундагы каттам менен барганга кызыктар экен.

Белгилей кетсек, “Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы өлкөдө биринчи жолу өттү. Байыркы Кытай менен Рим империясынын ортосунда жайгашкан Улуу Жибек жолу Ош шаары аркылуу өткөн. Канчалаган аска-зоону аралап келген соодагерлер Фергана өрөөнүнө жеткенде алгач эле кереметтүү Ош шаарына киришкен. Ошол доорду элестеткен кербен, чыгыш базарынын түркүн-түрлүү боектору, жыты баш айландырган дүйүм тамактары — мунун баары аталган фестивалда көрсөтүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!