"Нукура фест-2017": тоо койнундагы шаар

18-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 14:44

Мындан эки күн мурда Нарын облусунда кыргыздын маданиятын чагылдырган “Нукура фест” туристтик этно фестивалы өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында Нарын шаарынын түзүлгөнүнүн 149 жылдыгы белгиленип, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, кыргыздын каада-салты көрсөтүлдү.

Нарын Дестниациясынын туристтик сунуштарынын бири жана USAIDтин колдоосу менен туристтердин саны көбөйдү.

“Нукура фесттин” уюштуруучуларынын бири Асель Өмүралиеванын айтымында, “Нукура фестти” өткөрүнүн максаты чет элдик туристтерди Нарын жергесине тартуу.

“Биз “Нукура фестти” өткөрүүнү 6 айдан бери пландап жүргөнбүз. Нарын аймагына келген туристтерди бул жердин эмнеси менен кызыктыра алабыз деген соболду алдыга коюп, ошонун негизинде Теңир-Тоонун өзгөчөлүктөрүн ачып көрсөтүүнү максат кылып жатабыз. Туристтерге кыргыздын нукура салтын, тамак-ашын, кол-өнөрчүлүгүн, боз үйүн, оюндарын көрсөтүүнү көздөгөнбүз. Бул фестиваль менен жайкы туристтик сезонду аяктап жатабыз. Иш-чаранын алкагында бир нече улуттук каада-салттар көрсөтүлдү. Аларды атай кетсем “Тоо койнундагы шаар” сүрөт көргөзмөсү өтүп, иш-чара улуттук ыр-күүлөр, келин алуу, тушоо кесүү, кыз узатуу, баланы бешикке салуу салттарын келген конокторго көрсөтүү менен коштолду. Мындан тышкары кыргыздан улуттук оюндары болгон салбуруун, жаа атуу, тайган салуу көрсөтүлдү. Ошондой эле чет элден келген туристтердин катышуусунда кыргыздын улуттук тамак-ашынын жасалышы, кыргыздын улуттук кийимдери, шырдак жасоо, боз үй тигүү иш ашырылды. Эми бул иш-чараны жыл сайын Нарын шаарында өткөрүп турууну пландап жатабыз”,-деди Өмүралиева.

Франциялык турист Филлип: “Кыргызстанга келгениме бир ай, ал эми Нарында жүргөнүмө төртүнчү күн болду. Кыргызстандын кооз жаратылышы жана меймандос эли абдан жакты”,-деп билдирди.

Ал эми Англиядан келген саякатчы Клэр Марис өзгөчө кыргыз ашканасы жаккандыгын белгиледи.

“Мен буга чейин бир топ өлкөлөрдө болгом, ар өлкөнүн өзүнчө кереметтери бар эмеспи. Мага Кыргызстандын жаратылышы, каада-салттары жана өзгөчө ашканасы жакты. Бүгүнкү фестивалга күбө болуп жатканыма кубанып жатам. Элдердин маанайы да жакшы болуп жатат. Мен бул жерден кыргыздардын салты, ашканасы жана кол өнөрчүлүгүн көрдүм. Кыргыз ашканасы боюнча мастер класска катышып боорсок бышырдым. Боорсокту жеп көрсөм даамдуу экен. Боорсоктун рецебин алып үйгө барганда жазап көрсөмбү, досторума да жагат болуш керек деп ойлоп жатам”,-дейт Марис.










Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!