7-8-ноябрь - ата-бабаларды эскерүү күнү болот

27-Окт. 2017, Жума, 09:59

Президент Алмазбек Атамбаев “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, 7 жана 8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, Эмгек кодексине жана 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн, саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күндөрү боюнча парламенттин мурдагы чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилет. Бул боюнча сунуш Жогорку Кеңешке жолдонду.

Улуу Октябрь Социалистик революциясынын 100 жылдыгына жана саясий репрессиялардын 80 жылдыгына байланышкан иш-чараларды
2017-жылдын 7-8-ноябрында өткөрүү өкмөткө, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө табышталды.

Жарлык расмий жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

Быйыл Улуу Октябрь Социалисттик революциясына 100 жыл, Сталиндик репрессияларга 80 жыл болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!