Мэрдин балатысы өтүп, ага 500 бала катышты

29-Дек. 2017, Жума, 11:12

Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы драма театрында Жалал-Абад шаарынын мэринин балдарга арналган балаты майрамы өтү, анда шаар мэри Салайдин Авазов салтанатка катышкан 500 баланы майрамы менен куттуктап, аларга белек-бечектер тапшырылды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Балаты майрамы Барпы драм театрынын актёрлору тарабынан уюштурулган “Каардуу сыйкырчы” аталышындагы сахналаштырылган жомок менен коштолуп, балдардын маанайлапы көтөрүлдү. Алар жоком каармандары менен чогуу ырдап-бийлешти.

-Майрамдык балатыга шаар аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мектептердин алдыңкы окуучулары, ошону менен катар мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана жарым жетим балдар катышып жатышат. Мындай нерсе бизде жыл сайын жыл сайын уюштурулууда. Андан сырткары, майрамга келе албаган, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга өзүбүз үйлөрүнө барып, белектерибизди тапшырып келдик, - дейт шаар мэри.

Белгилей кетсек, аталган майрамга 100 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, 130 мыкты окуган окуучулар жана жетим жана жарым жетим балдар катышты. Салтанатка жергиликтүү бюджеттен 458 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!