Жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги күчөтүлөт

19-Янв. 2018, Жума, 12:34

Аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролу жана жоопкерчилиги күчөтүлөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу боюнча чаралар жөнүндө буйрукка кол койду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Буйрукка ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлөт. Жумушчу топ 2018-жылдын 1-майынан кечиктирбестен ведомстволук аймактарды башкаруу маселелеринде жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин олуттуу күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын өзгөртүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышы керек.

Жумушчу топтун курамына президенттик аппараттын жетекчиси, кызматкерлери, жогорку кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийликтин жетекчилери кирген.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!