Жабылып калган кылмыштарды иликтөө улантылат

13-Фев. 2018, Шейшемби, 16:50

Бүгүн, 13-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Жыйында 2018-жылы 8-февралда болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынтыктары, келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен анын чечими талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгына Коопсуздук кеңештин акыркы жыйынынын чечимине ылайык, биринчи кезекте өлкөнүн укук коргоо, сот жана көзөмөлдөөчү органдарында коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча активдүү жумушту баштоону, коррупция менен күрөшүүчү органдардын бардык жетекчилик курамына талдоо жүргүзүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин катчылыгына буга чейин негизсиз токтотулуп турган жана жабылган кылмыш иштерин иликтөө боюнча укук коргоо органдарынын ишин өзгөчө көзөмөлгө алуу милдетин тапшырды.

«Мамлекеттик түзүмдөрдүн, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин декларацияларын дыкат текшерүү зарыл. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин чыгашалары дыкат текшерилет. Кыргызстандыктар мамлекеттин бардык тармактарында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча чечкиндүү чараларды күтүүдө», - деп белгиледи Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!