​“Манас таануу” интеллектуалдык таймашы болду

14-Март 2017, Шейшемби

Улуттук баалуулуктарды мектеп окуучуларынын арасында кеңири жайылтуу максатында Сузак районунун бардык айыл өкмөттөрүндө “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы өттү. Анда жеңишке жетишкендер кароо-сынактын райондук туруна даярданышууда. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Аширбек Токтоназаров билдирди.

Анын айтымында, аталган интеллектуалдык таймашты өткөрүүнүн негизги максаты кыргыз элинин негизги руханий мурасы жана тарыхый байлыгы болгон “Манас” үчилтигин окуучулар жана жаштар арасында жайылтуу болуп саналат.

“Кыргыз маданиятын жана тилин сактоо, өнүктүрүү, рухий дөөлөттөрдү даңазалоо, өсүп келе жаткан жаш муунду “Манас” эпосунун философиясынын негизинде жарандык атуулдукка, достукка, биримдикке, улут аралык ынтымакка, мекенчилдикке тарбиялоо – биз үчүн маанилүу нерсе. Ошондой эле эпосту тереңдетип окутуп үйрөтүү боюнча мектеп окуучуларынын, мугалимдердин изденүүсүнө, билимине, тапкычтыгына баа берүүну ниет кылдык”, - дейт ал.

Сынактын жыйынтыгында, орус тилдүү мектептердин ичинен Багыш айыл өкмөтүндөгү Мичурин атындагы мектептин, ал эми кыргыз тилдүү мектептер арасынан Ленин айыл өкмөтүндөгү Тажибаев атындагы орто мектебинин окуучулары алдыңкы орунга жетишти.

Интеллектуалдык таймаштын жүрүшүндө “Манас” эпосу боюнча суроолор берилип, ага атайын топтор жооп беришти. Активдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн топтор алдыңкы орунга жетишип, райондук турга жолдомо алышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!