Максат Сабиров: «ЖКнын токтому аткарылбай жатат»

22-Фев. 2018, Бейшемби, 11:14

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Максат Сабиров- "Быйыл залкар комузчу, көрүнүктүү композитор Карамолдо Орозовдун туулгандыгынын 135 жылдык маарекесине байланыштуу Жогорку Кеӊештин токтомундагы иш-чаралар аткарылбай жатат",- деп билдирди.

Анын айтымына караганда, Жогорку Кеӊештин токтомуна ылайык, залкар комузчу туулуп-өскөн Ысык-Көл районундагы Корумду айылында анын ысымындагы Маданият үйү курулууга тийиш болчу. Бирок, ал ушул кезге чейин курулбай турат.

«Андан башка да иш-чаралар аткарылган жок. Өкмөт бул маселени колго алууга тийиш», - дейт Сабиров.

Депутаттын пикиринде, улуттук маданиятка зор салымын кошкон чыгаан адамга мындай мамиле жасоого болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!