«Нооруз-2018» кароо-сынагын жарыялайт

7-Март 2018, Шаршемби, 20:12

Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык маданият башкармалыгы «Нооруз-2018» кароо-сынагын жарыялайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кароо – сынактардын аталышы:

1- " Улуттук бий " кароо-сынагы.

■ Кыргыз каганатынын VI-VII-кылымдагы өнүккөн доорунун салттуу маданиятынын алкагында чагылдыруу зарыл.
■ Катышкан катышуучуларга сыйлык белектер берилип. ( I, II, III- орун ) аныкталат.
■ Биринчи жеке адамдын бий сынагы өткөрүлөт. Мында жеке адам улутка таандык бийди бийлөөсү зарыл.
■ Экинчи бирдиктүү бийлөө сынагы бул жерде төрт же андан көп адамдардан турган бирдиктүү бийчилер тобу катышат.
■ Бийлеп жаткан адамдын аткаруу чеберчилиги, кыймыл-аракетинин профессионалдуу аткарылышы каралат;
■ Улуттук бийди топ аркылуу бийлөөдө актердук таланты, өзгөчө кыймыл-аракеттери эске алынат;
■ Топтун бийлөөдөгү фольклордук өзгөчөлүктөрү, алардын бийлөөдөгү чеберчиликтери бааланат.
■ Өтүлүүчү орду:16-март күнү саат 09:00 Ош МУнун искуство факультетинде өтөт.

2 -Элдик кол-өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнүн кароо - сынагы.

■ Кыргыз каганатынын VI-VII-кылымдагы өнүккөн доорунун салттуу маданиятын чагылдыруусу зарыл.
■ Конкурстун жыйынтыгы сыйлоо белектери менен ( I, II, III-орун) аныкталат.
• 1-жыгач уста,
• 2-темир устачылык,
• 3-зергерчилик уста,
• 4-тери жасоо уста,
• 5- кийиз жана жүндүн жасаган чеберлер,
• 6-өрмө чебери,
• 7-саймачылык чебери
■ Өтүлүүчү орду: 21-март күнү 09:00 ОУДТнын аянтында өтөт.

3 - “Манас айтуу” кароо -сынагы:

■ Конкурстун жыйынтыгы сыйлоо белектери менен ( I, II, III-орун) аныкталат.
■ Байыркы көчмөндөр турмушунун “Манас” эпосунда чагылдырышын дааналап айтып бере алуу өнөрү.
■ Манасчынын окуяны сүрөттөрдү мазмунунун ыратуулугу, таамай айтуу өзгөчөлүгү.
■ Манасчылык чеберчиликтин эн мыктысы үлгүсүн көрсөтө алышы бааланат.
■ Кийип чыккан салттуу кийимдери.
■ Манасчыга 8 минут убакыт берилет.12-март күнү Келечек балдар чыгармачылык борборунда өткөрүлөт.

4 -“Улуттук кийим” көргөзмөсүнүн кароо -сынагы.

■ Конкурстун жыйынтыгы сыйлоо белектери менен ( I, II, III-орун) аныкталат.
■ Кыргыз каганатынын VI-VII-кылымдагы өнүккөн доорунун салттуу маданиятын чагылдыруу менен кийимдердин үлгүсүн көрсөтүү.
• салттуу ыкмада даярдалышы,
• колдонулган кездемелер,
• жаш өзгөчөлүгүнө даярдалышы,
• салттуу кийимдердин бычма тигилиштери,
• кийимдердин колдонулган ырым-жырымдары,
• кийим кечелердин өзгөзөлөнүп кооздолушу.
■ Өтүлүү орду:19-март саат14:00 Ош МУ фак-т искусство.

5- Улуттук салттуу ырладын кароо-сынагы.

■ Конкурстун жыйынтыгы сыйлоо белектери менен ( I, II, III-орун) аныкталат.
■ Кыргыз каганатынын VI-VII-кылымдагы өнүккөн доорунун салттуу маданиятын чагылдырып өнөрлөрдү кайра жаратып көрсөтүү.
■ Кыргыз элине, көчмөндук турмушта жаралган салттуу ырларын жогорку денгээлде аткаруу талабы каралат.
■ Улутубузга мүнөздүү болгон терме, санат, насыят, балдар ырлары,эмгек ырлары, лирикалык ырлары, үрп-адат каада салт ырларын байытуу.
• Эстрада жанр кароо-сынакка каралбайт.
Кыргыз элинин музыкалык аспаптарынын (нукра фольклордун) коштоосунда каралат.
• Улуттун мүнөзүн чагылдырган обондуу ырларга,
• Музыкасы менен сөзү бири-бирине дал келген салттуу ырларга,
• Ырчылардын аткаруучулук чеберчилигине,
• Элдик жана эстетикалык идеяларын темага туура жооп бериши бааланат.
• Элдик мотивге жакындуулугу, идеалдуулугу;
• Сахна маданияты, кийим жарашыгы жана өзгөчөлүгү;
• Ийкемдүүлүгү, грация кыймыл аракети;
• үндөгү дикция, артикуляция, жогорку техникалык табылгалар, диапозону, тембри, вокалдык тазалыгы бааланат.
■ Өтүлүү орду 19-март саат 9:00.”Келечек”балдар чыгармачылык борбору.

6 -Ыкчам Боз үй тигүүчүлөр кароо- сынагы.

■ Конкурстун жыйынтыгы сыйлоо белектери менен ( I, II, III-орун) аныкталат
■ Кыргыз каганатынын VI-VII-кылымдагы өнүккөн доорунун салттуу маданиятын чагылдыруу керек.
■ Конкурстун жыйынтыгы аныкталат.
Катышкан катышуучуларга сыйлыктар белектер берилет. ( I, II, III-орун) аныкталат.
■ Боз үйдү шамдагайлык менен тигүү сынагына катышат. Анын максаты Боз үйдү тигүүдө тез жана туура тигүү ыкмалары каралат. Ош шаарынын тургундарынын даярдалып келген 75-баш, 5 канат боз үйдү атайын тигүүчү алты адамдан турган (3 жигит,3 келин) шамдагай топ үйдү бардык жабдуулары менен 15 мүнөттүн ичинде тигиши шартталат. Алардын даярдалышы салттуу ыкмада жасалышына көңүл бурулат.
• тигүүнүн эрежесинин туура сакталышы;
• жабдылышынын салттуулугу;
• Боо-чууларынын нукуралуулугу;
• Шамдагай топтун уюштуруу жөндөмдүүлүгү жана боз үйдү тигүүдө көрсөтүлгөн убактын аталышы бааланат.
■ Өтүүчү орду 21-март Борбордук аянта өтөт.

■ Ош шаарынын маданият башкармалыгында жобого ылайык докменттерди кабыл алуу жүргүзүлөт.
• Сурап билүү телефондору: (03222) 4 – 81-33, 4-81- 34, 0771-033-990, 0774-74-52-52, 0558-70-77-84, 0779-17-20-37, 0770-00-00-38.
Дарегибиз: Ош шаары,Курманжан датка көчөсү 107, Ош шаардык маданият башкармалыгы.(болжолу эски гор военкомат)
Email: Oshculture@mail.ru

■ Эскертүү: Табыштамаларды көрсөтүлгөн дарекке жеткирип, же электрондук почта аркылуу жөнөтсөңүздөр болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!