​Фарид Ниязов ээлеген кызматынан бошотулду

7-Март 2018, Шаршемби, 12:36

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов ээлеген кызматынан берген арызынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Фарид Ниязовду президенттик аппараттын башчылыгына өткөн жылдын 11-декабрында дайындаган. Бирок, өткөн жумада Фарид Ниязов бул кызматтан кетүү тууралуу жазган арызын президент Сооронбай Жээнбеков кабыл албагандыгын Президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдаган. Ал эми кечээ, 6-мартта Ниязов бул кызматтан кетип, партиялык иштер менен алек боло турганын билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!