Пенсия документтерин кыскартуу сунушталды

14-Март 2018, Шаршемби, 12:32

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеӊеште пенсияга чыгаарда талап кылынган документтердин санын кыскартууга багытталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Депутат Аалы Карашев пенсияны дайындоодо жарандар Социалдык фондго көп сандагы документтерди даярдоо узак убакытты жана кыйла оорчулукту жараткан жагдайларды талап кыларын белгилеп, ошондон улам жарандар үчүн зарыл документтерди даярдоонун жол-жоболорун жеңилдетүү жана анын тизмесин кыскартуу менен пенсияларды дайындоонун тартибин өзгөртүү демилгеси сунушталып жатканын айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!