​Жолчулар өлкөгө 1,2 млн. сом зыян келтирген

6-Март 2018, Шейшемби, 12:38

Кыргыз транспорт прокуратурасы Бишкек-Ош автожол мамлекеттик дирекциясынын №9 жол оңдоо ишканасын текшерип, бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылы Бишкек-Ош автожол мамлекеттик дирекциясынын №9 жол оңдоо ишканасы Бишкек-Ош жолунун 132-138-чакырымдарында курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзгөн. Анын документтеги сметалык баасы 24 миллион 345 миң деп жазылган.

№9 жол оңдоо ишканасынын кызмат адамдары жалдануучу фирмалар менен өз ара келишип алып, жол-курулуш эрежелерин сактабай, жогорулатылган баада асфальт төшөгөн.

Иш жүзүндө долбоордо жазылгандан "449 тонна асфальт төшөлбөй калган" деп айтылат.

Ошондой эле мыйзамсыз иштерди жаап-жашыруу максатында жол оңдоо иштерине экспертиза жүргүзүлбөгөнү, бул иштерден мамлекетке 1 млн. 219 миң сом зыян келтирилгени кошумчаланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!