19-майга карата күтүлгөн аба ырайы

18-Май 2017, Бейшемби

Эртең, 19-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, түнкүсүн айрым жерлерде нөшөрлөп жаан жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23;

Талас жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27;

Баткен дубанында түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27;

Ысык-Көл областында түнкүсүн +7…+12, күндүз +14…+19;

Нарын областында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +20…+22 градус жылуу болот.

Ал эми 20-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 20-майда күндүз жана 21-майда түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 21-майда күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!