Кыргызстанда үч жылдан бери гречка өстүрүлүп, келечекте бул кылкандуу дан өсүмдүгү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн алдыңкы сабына чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралууда. Кыргызстандык ишкер Арстан Кадыров алгачкылардан болуп Нарын облусунун Жумгал районунда гречка өстүрүп келет. Бул дан өсүмдүгү менен ички рынокту камсыз гана кылбастан, гречканын кабыгын текке кетирбей жаздык, төшөккө салып, ортопедиялык буюмдарды чыгарууда. Ишкер Арстан Кадыров “ZAMAN.KG” маалымат агенттигине гречка өстүрүу, анын кабыгын жаздыкка төшөө ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.
-Гречка өстүрүү идеясы эмнеден улам чыкты?
-Үч жылдан бери гречка өстүрүп келем. Адегенде 30 гектар жер аянтынан баштагам. Ортодо азайып, кайра көбөйүп олтуруп быйыл 40-50 гектарга жеткирдик. Бир гектар аянттан орточо 1,5 тонна түшүм жыйнап алабыз.
Буудай менен арпага альтернатива катары өстүрсөк дегенбиз. Анткени, баасы дагы дан азыктарына караганда жогору эмеспи. Кайсы айыл чарба өсүмдүгүн өстүрсөк, экономикалык пайдасы көбүрөөк деген ойдон улам гречка өстүрүү идеясы келип чыкты. Буга чейин Жумгалда фасоль да өстүрүп көрүшкөн. Бул өсүмдүктү өстүрүүгө атайын техника керек болгондуктан бир жыл эле эксперимент болуп, андан ары өстүрүлбөдү. Гречка өстүрүү ага салыштырмалуу алда канча жеңил. Буудай, арпа сыяктуу эле себилип, сугарылып, орулуп жыйналат.
-Гречка Нарын өрөөнүнүн климаттык шартына чыдамдуу эле болот бекен?
-Ооба чыдамдуу. Анткени гречка салкын жерди сүйөт. 18+ градустан 28+градус температурада жакшы өсөт. Быйылкы жылы Суусамырда 20 гектар жерге ишкерлер өстүрүп жатканына күбө болуп келдим. Ак-Талаада, Кочкордо, Ат-Башыда бизден кеңеш алып, ал жакта да өстүрүүнү колго ала башташты. Чүй облусу жылуу болгондуктан гречка жакшы өспөй жатат.
-Аны өстүрүү технологиясында кандай өзгөчөлүктөр бар экен?
-Бул өсүмдүктү кечирээк себүү керек. Учурда быйылкы жылдын түшүмүн жыйнап жатабыз. 28-майда эгилген болчу. Гречканын уругу үшүккө туруктуу эмес. Жерге тап келип, күн жылыганда себүү керек. Үч ирет кандыра сугаруу негизги талаптардын бири. Ар бир сугарган сайын гречканын бою 25 сантиметрден көтөрүлүп турат. Гүлдөө мезгили узак болот. Гүлдөп жаткан мезгилде аарылар канчалык көп чаңдашса, ошончолук түшүм жакшы болот.
-Сиз жогоруда арпа, буудайга салыштырмалуу баасы жогору деп айтпадыңызбы. Гречканын баасы кандай?
-Бизде өстүрүлгөн гречканын баасы Россиядагы баадан көз каранды. Өткөн жылы түшүмүбүздүн бир килосу 68 сомдон болгон. Быйылкы жылы арзаныраак деп жатышат, ошентсе деле так баасы бычыла элек. Эгерде Россияда түшүм жакшы болсо, бизде арзан болуп калат. Тескерисинче боло турган болсо, анда нарк дагы жогору болот.
-Ички рынокту эле камсыз кыласыздарбы же экспорттолобу?
-Азырынча максатыбыз – ички рынокту толук камсыз кылуу. Кыргызстанга жылына Россия, Казакстандан 10 миң тонна гречка импорттолот. Жергиликтүү гречканы бардык аймактарда айдай баштасак, өзүбүздү гречка менен камсыз кылганга Кыргызстандын толук мүмкүнчүлүгү бар.
-Эң эле кызыктырганы гречканын кабыгын текке кетирбей, андан төшөк, жаздык жасоо иши болууда...
Гречканы өстүрүү анчейин деле татаал эмес. Эң эле кыйыны аны кайра иштетүү. Гречканын даны жумшак, морт болот. Данды кабыгынан бөлүп алуу үчүн буу генераторунун жардамы менен 250 градус ысыктагы бууга бышырабыз. Андан кийин казан сыяктуу чоң идишке салып кууруйбуз. Так ошондо даны буудай сыяктуу катып калат. Аппаратка салып кабыгын дандан ажыратып алабыз. Ушунча процедурадан өткөндөн кийин дандагы чаң, майда-барат бүртүкчөлөр буу менен жуулуп калат. Аллергиялык реакция бербейт. Кабыкты дагы бир сыйра кайра иштетип, ортопедиялык жаздык, отургучтарга төшөктөргө салганга жарайт. Кабыкты жаздыкка салуунун да өзүнүн критерийлери бар. Сынык кабыктарды салганга болбойт. Гречканын даны үч кырдуу эмеспи. Кабыкта дагы ошол үч кыры бүлүнбөшү керек.
-Бир жаздыкка болжол менен канча кило кабык салынат?
-Өлчөмү 40х60 болгон жаздыкка 2 кг 200 грамм кабык салынат. Ал эми отургучтарга жасалган төшөккө 1 килограмм кабык кетет.
-Жаздык сатып алууну каалаган кардарлар кайдан ала алышат?
-Гречканын кабыгынан жаздык жасоону жаңыдан эле баштадык. Ушул өндүрүш менен Москвада иштеп жүргөн мекендешибиз Айбек Исмаилов аттуу ишкерлерибиздин көмөгү менен эл аралык ишкерлер бирлигине мүчө болуп, “ЭКО-СОнун” деп аталган компанияны негиздедик. Аларга биз гречка өндүрөлү, силер ортопедиялык буюмдарды жасоого көмөктөшкүлө деген сунуш киргизип, бул өндүрүштү Кыргызстанда ачууга жетиштик. Жаздыктарды Бишкекте даярдайбыз. Борбор калаабыздагы бир топ соода түйүндөрүнөн орун алган. Бир жаздыктын баасы 600 сом болсо, отургучтун баасы 500 сом.
-Өзүңүз тууралуу айтсаңыз, ишкерлик менен алектенгениңизге канча болду?
-Менин айыл чарба аркылуу бизнес чөйрөсүнө аралашканыма эки жыл болду. Мурда деле ишкердик чөйрөсү тааныш болчу. Россиядагы чыгаан мигрант мекендештерибиз Эл аралык ишкерлер ассоциациясын негиздеп, баары бир уюмга биригишкен. Мен дагы бирликке мүчө болуп кирип, алар менен карым-катышты чыңдадым. Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын Кыргызстандагы өкүлү кылып шайлашкан. Ойлорубуз бир жерде айтылып, ишке ашууда.