Кол чатыр тандаганды билесизби?

Кол чатыр тандаганды билесизби?
5-Сен. 2017, Шейшемби

Күндүн илеби кайтып, асманды бирин-серин булут каптай баштады. Кайсы маалда жамгыр жаап жиберери да белгисиз. Бул учурда ар дайым кол чатыр жардамга келет эмеспи...

Кол чатырдын мекени – Кытай. Айрым булактарда Мисир деп айтылып жүрөт. Анын пайда болушу биздин эрага чейинки 11-кылымга барып такалат. Көпчүлүк учурда жамгырдан коргонуу үчүн колдонуп келгенибиз менен, алгач аны күндүн нурунан сактануу үчүн ойлоп табышкан. Ал кезде кол чатырды төбөлдөр гана көтөрүп, бийликтин жана байлыктын белгиси катары кабыл алышкан. Алгачкы кол чатырлардын бийиктиги 1,5 метр, салмагы 2 килограммга жеткен.

Кол чатыр тандоо

Эки, үч бүктөлмөлүүлөр көтө­рүп жүргөнгө ыңгайлуу болгону менен, тез иштен чыгат. Канчалык түзүлүшү жөнөкөй болсо, ошончолук бекем болорун эсиңизге түйүңүз.

Сатып аларда алгач бир нече жолу ачып-жаап көрүү керек. Эгер оңой ачылып, дароо жабылса, кийинки этапка өтүңүз.

Жайылган абалында кыймылдатып көрүңүз. Эгер зымдары кыймылдап жаткан болсо, мындай кол чатыр көпкө чыдабайт.

Кездемесине көңүл буруу абзел. Өтө жука кездемеден тигилген кол чатырды алуудан качыңыз.

Зым менен кездеменин бириккен жерлери жип, анан кошумча калпакча менен бекитилиши керек. Айрыкча жаш балдардын кол чатырын алууда зымдардын учундагы калпакчага көбүрөөк маани бөлүңүз.

Кам көрүү

Кол чатырды ачык бойдон кургатуу туура эмес. Кездемеси чоюлуп, суудан жакшы коргой албай калат. Андыктан жарым ачык боюнча же толук бүк­тө­бөс­төн кургаткан туура.

Зымдары дат басып кетпеш үчүн маал-маалы менен майлап турган оң.

Эгер кездемеси жыртылып калса, ички бетинен тигип, сырткы бетинен түзсүз тырмак боёк менен боёп коюңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!