Бул чара сиздин алдыңызда кийимди кийип көргөн адамдан кандайдыр бир “оору” жугат деген менен байланыштуу эмес. Ошентсе да дүкөндөн сатып алган кийим-кечек баштыгынан чыгарылбаган же эч ким кийип көргөн эмес болсо да аны жууп кийиңиз. Эмнеге десеңиз:
Дүкөн текчелерине жеткенге чейин кийимдер иштелип чыгат
Биринчи эле — агартуу. Эң башында табигый кездемелер (жиптер) күрөң түстө болушат. Аларды табигый түсүнөн чыгаруу үчүн хлорго, суутек кычкылына, ар кандай химиялык агарткычтарга салышат. Желге үйлөтүп, кургатышат. Кездеменин бетинде эмне калат? Албетте агарткычтын майда калдыктары. Керек болсо эриткичтер менен реакцияга түшкөн пигмент калдыктарынын болушу да мүмкүн.
Эгер жаңы тигилген кийимди кийсеңиз, анын үстүнө териңиз сезимтал болсо, аллергиялык реакция болушу мүмкүн.
Ак түстөгү кийим кийбейм десеңиз..
Экинчиден – кездемени боё же бетине сүрөт түшүрүү.
Ушул процедура нымдуу боёк (анилин азобоёктор) кездемеге тартылат, андан кийин кургатылат. Материал канчалык калың, фактуралуу болсо, кургап калган боёктордун микро бөлчөктөрү ошончолук көп калат.
Негизинен көпчүлүк анилин боёктор канцерогендер. Кээде боёктор жогорку температурада катып калып, сууга тийгенде эрибей да калышы мүмкүн. Кийин сиз тердегенде денеңизде боёгу чыгат.
Мен таптакыр боёлгон кийим кийбейм дейсизби?
Үчүнчүсүндө — сатыкка чыкканга чейинки даярдык
Сиз жалаң гана шоурум, бутиктерден кийинесизби? Көпчүлүк түнү менен иштеген цехтердин санитардык абалы тууралуу айтпасак да белгилүү.
Эң табигый таза деген кийим-кечек Кытайдан дүкөнгө жеткенче көгөрүп кетпеш үчүн, бүктөлүп бырышып калбасын деп иштетилип чыгат.
Кийим суу сиңирбей турган эритмелер чачыратылат. Анын гипоаллергендиги тууралуу айтуу кыйын. Ошону менен бирге, формальдегид чайыры менен иштетип чыгуу процесси бар. Бул кийимдин бырышып калбоосу үчүн кажет.
Жип ийриген станоктон дүкөн текчесине жеткенче кездеме материалды, кийимди эч ким жуубайт. Ага сиздин териңиз үчүн зыяндуу, аллергия чакыруучу кошулмалар менен химиялык заттар менен иштетилет.