Ар бир спорт коопсузбу?

Ар бир спорт коопсузбу?
24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Спорттун кайсы гана түрү менен болбосун машыгуу денени чыңдап, иммундук системаны коргойт. Өзгөчө жүгүрүү адамдын көңүлүн көтөрүп, сергек жүрүүгө, аны менен бирге хандроз жана депрессиядан сактайт. Аба ырайы суук кезде адам организми температураны бир калыпта кармоо үчүн кошумча энергия иштеп чыгат. Бул учурда денедеги майда клеткалар жай мезгилине караганда эки эсе көп жумуш иштейт.

Спорт менен машыгуу ден соолук үчүн пайдалуу экенин билип, көрүп эле жүрөбүз. Бирок билбей жасалган спорт көнүгүүлөрү жаракаттарды да алып келиши мүмкүн. Адистер эрежени так сактабай жасалган спорт көп зыян алып келээри туурасында айтып келишет. Кантип спорт менен машыгуу керек жана эмнелерге көңүл бөлүү керек? Адистерден пайдалуу кеңештер:

– Ар бир жакшы спорттун эрежелерин билүүңүз зарыл. Кайсы гана спорттун түрү болбосун өзүнө таандык эрежелери киргизилген жана аларды билүү маанилүү болуп саналат. Спортто жаракат алуу эрежелерди сактабагандыктан келип чыгат.

– Жагдайга ылайыктуу кийим кийүү жана туура спорт жабдууларын колдонуу керек.

– Кандай гана спорт менен машыкпайлы колубуз, көзүбүз, тиштерибизди кошумча коргоочу жабдуулардын жардамы менен коргошубуз кажет.

—Жүгүрүүнү баштоодон мурда денени жана булчуңдарды даярдап, жибитип алуу абзел.

—Жүгүрүү үчүн колдон келсе абасы таза жайды тандаңыз (эс алуучу парк, токой ж.б.)

— Коопсуздук үчүн жаныңызга кошо жүгүрө турган шерик табыңыз.

—Организмдеги суунун өлчөмүн сактай билиңиз. Суукта сырттан суу ичүү организмге терс таасир бериши мүмкүн. Ошондуктан үйдөн суунун көп ичкенге аракет кылыңыз. Жүгүрүүдө организм сууну көп талап кылат.

—Үстүңүздөгү күрмө жана шымыңыз термохимия болушу керек. Күрмөңүз жел өткөзбөгөндөй болсун. Себеби тердеп турган адам суукка тез урунат.

—Бут кийимге да көңүл бөлүңүз: таманы жумшак, тайгаланбаган жана жеңил болгону жакшы.

– Чарчап же ооруп жатканда эч качан оор спорт түрү менен машыкпаган оң. Себеби мындай учурларда жаракат алып калуу коркунучу пайда болот.

Жаракат болгон учурда эмне кылуу керек?

Жаракат мелдеш же машыгуу учурунда алынган болсо, анда дароо медициналык жардамга кайрылыңыз. Медициналык жардам гана зыяндын кесепеттерин алдын алат.

Жаракат алган учурда муун катуу ооруп, шишип, жөндөмсүз болуп, бут же жамбашка кадам кылуу оорлойт. Сынып же чыгып кетсе оорутуп машыга албай калуусу мүмкүн. Жаракаттанган жерди музду же муздак нерсени басып туруу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!