Арт-терапевттен кеңештер

Арт-терапевттен кеңештер
16-Ноя. 2017, Бейшемби, 09:47

Арт-терапевттен алынган кеңеш:

1. Чарчасаңыз — гүлдүн сүрөтүн тартыңыз.

2. Ачууланып турсаңыз — бир түз сызык сызыңыз.

3. Оорусаңыз — пластилин же болбосо камырды кармап мыжып отуруңуз.

4. Зериккен кезде — ак кагазды түстүү боёктор менен боёңуз.

5. Маанай жок болсо — турптун (редканын) сүрөтүн тартыңыз.

6. Корксоңуз — макраме аппликациядан камчы жасаңыз.

7. Толкундап турган учурда — кездемеден куурчак жасап көрүңүз.

8. Нааразычылык болсо — кагазды майдалап айрып чыгыңыз.

9. Тынчсыздансаңыз — кагаздан оригами жасаңыз.

10. Эс алгыңыз келсе — оюмо-чийменин сүрөтүн тартыңыз.

11. Бир нерсени эсиңизге түшүрүү керек болсо — лабиринттин сүрөтүн тартып көрүңүз.

12. Көңүлүңүз бир нерсеге толбой жатса — бир сүрөттүн көчүрмөсүн түшүрүңүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!