Чыгармачылык идеялар менен сиңирилгенде, мээде идеялар жаралат. Элестетип көрүңүзчү, мээңизде бир нече миңдеген кутулар бар деп. Жашооңуздагы ар бир учур алардын ар кайсысында өз-өзүнчө сакталат. Кээде коробкалардын оозу ачык калат да, ичиндеги нерселер төгүлө баштайт. Ал нерселер бири-бири менен кокустан биригет. Биз өзүбүздү жакшы сезген сайын, ал коробкалардын оозу ошончолук тез-тезден ачыла берет. Мындай көрүнүш учурунда биздин башыбызда идеялардын пайда болуу мүмкүндүгү артат.
Ар кимде ар түрдүү жагдайда: бирөөндө спорт менен машыккан учурда, башкасында унаа айдап бара жатып жаралат. Мээ болгон кыйынчылыктан арлыган кезде гана канча түрдүү ойлор пайда болат. Алар жөнөкөй, сизге тааныш, керек болсо маанилүү да болбошу мүмкүн. Кээде алар менен жакалашып, биз чыгармачылык ойлорбуз деп айткан да идеялар келет.
Тактап айтканда, идея – түшүнүктөр, баштан өткөн окуялар, ойлор менен түрдүү жагдайлардын капыстан кезигишүүсү же биригүүсү. Биз эч качан жаңы эч нерсе ойлоп таппайбыз. Биз анык нерселерди бириктиребиз. Мээңиздеги добуштун деңгээли төмөндөгөн сайын, жаныбыз тынчтыкты, сүйүктүү ишибиз менен алек болгон мезгилде жакшы идеялар жашоого келет. Ошондуктан, адам дем алуудан кийин өзгөчө кубат менен жумушка киришет.