Баардыгыбыз өз-өзүбүз менен маек куруп келебиз. Биз аны ичтен, эч кимге билдирбей жасообуз мүмкүн. Бирок, кээ бир адамдар өздөрү менен добушун чыгарып сүйлөшүшөт. Сырттан караган адамга, албетте, кызыктай көрүнөт.
Ошентсе да окумуштуулар муну психикалык катачылык эмес, интеллектуалдык индекс катары кабыл алуу керектигин билдиришет. Улуу Британиядагы Бангор университетинин психологдору монологдор адамдын көңүлүн бир нерсеге буруп, максатына жетүүгө таасирин тийгизет жана адамдын акылын жетилдирет деген жыйынтыкка келишкен.
Изилдөө иштеринин автору Палома Мари-Беффанын оюу боюнча, өзүбүзгө өтө жакшы билген адам менен аңгеме айтуу эмоцияларды башкарып, ойлорду иреттөөгө, максат коюп, ага жетүүгө өбөлгө түзөт.
Өз-өзүбүз менен сүйлөшүү – өнүгүү деңгээлибиздин бир бөлүгү. Психолог Жан Пиаже кичинекей балдар тили чыккан кезде өз иштерин оңой башкарышарын түшүнгөн. 2008-жылы Джордж Мейсон Университети (George Mason University) жүргүзгөн изилдөөдө бул гипотеза далилденген.
Бангор университетинин изилдөө ишинде 28 катышуучуга жазуу түрүндө ичтен жана добуш чыгарып окуу тапшырмасы берилген. Изилдөөнүн натыйжасында добуш чыгарып окулуп аткарылган тапшырма, үн чыгарбай аткарганга караганда сапаттуу болгон. Изилдөөчүлөр бул добуш аркылуу иш аракетке багыт берип, аларды башкаруу жөндөмүнун аркасында жүзөгө ашат деген кортундуга келишкен.
«Өзүңүз адашып кеткен кезде же аралда жалгыз калган болсоңу, өзүңүз менен өзүңүз сүйлөшүү "акылсыз" илим стереотипи мээ жумушун күчөтүү үчүн жасап жаткан «окумуштуунун» аракеттери болушу мүмкүн»,– дейт Палома Мари-Беффа.