Мария Шипулина кызматтан четтетилди

Мария Шипулина кызматтан четтетилди
24-Янв. 2018, Шаршемби, 17:22

Кыргыз улуттук консерваториясында хор жана вокал бөлүмүнүн деканы, эл аралык конкурстардын лауреаты Мария Шипулина кызматынан убактылуу алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуу жайдын WhatsApp номерине окутуучунун жагымсыз мүнөздөгү видеосу тараганы тууралуу маалымат келген. Кийинчирээк видеону тараткан адамдын номери жок болуп калган. Учурда издөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми Шипулина интернетке тараган видео монтаждалганын айтып маалымат жыйынын берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!