Голливуддун 106 жаштагы актрисасы көз жумду

Голливуддун 106 жаштагы актрисасы көз жумду
23-Янв. 2018, Шейшемби, 11:35

Америкалык актриса Конни Сойер 106 жашка караган чагында кайтыш болду. Бул тууралуу “life.ru” сайты билдирет.

Сойер Лос-Анджелесте көз жумган. Актриса 1912-жылы Румыниядан чыккан еврей мигрантынын үй-бүлөсүндө дүйнөгө келген.

Ал 1959-жылы Фрэнк Синатра жана Эдвард Г.Робинсон менен бирге Фрэнк Капрдын «Дыра в голове» (A Hole in the Head, 1959) комедиялык фильмине тартылган.

2012-жылы 99 жашында америкалык Кинемотографиялык өнөр жана илим академиясынын эң улгайган мүчөсү аталган.

2013-жылы «Рэй Донован» ( Ray Donovan) драмасындагы мисс Салливан ролу анын эң акыркы тартылган фильми болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!