​Чемпионатта футболчулар 400 миң евродон алышат

​Чемпионатта футболчулар 400 миң евродон алышат
2-Май 2018, Шаршемби, 03:18

Франциянын курама командасынын футболчуларына Орусияда өтө турган дүйнөлүк футбол чемпионатта жеңишке жетишсе, 400 миң евродон берилет. Бул тууралуу франсуздардын “L’Equipe” басылмасы жар салды. Маалыматка ылайык “Евро-2016” чемпионатындафутболчуларга 300 миң евродон убада кылынганбирок финалында Франциянын курама командасы португалиялыктардан 0:1 эсебинде жеңилилип калган. Ал эми дүйнө чемпионатында футболчулар жеңишке жетишсе, 400 миң евродон берилээри күтүлүүдө.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Россияда өтөт. Футболчулар Россиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!