​Атактуу футболчу депутаттыка аттанды

​Атактуу футболчу депутаттыка аттанды
20-Дек. 2017, Шаршемби, 11:26

Бразилия курама командасынын мурдагы футболчусу Роналдиньо саясатка аттанууда. Атактуу футболчу Социал-христиандар партиясынын катарынан Бразилия сенатына талапкерлигин койот. Ал учурда Минас-Жерайс штатында Бразилия президенттигине талапкер Жаира Болсонаронын командасы менен саясатка аралашып жүрөт. Жаира Болсонаро 2018-жылы боло турган президенттик шойлоодо Социал-христиандар партиясынан талапкер көрсөтүлгөн. Акыркы сурамжылоолорго караганда Болсонаро экинчи орунда келатат.

Эсиңиздерге сала кетсек Роналдиньо «Барселона» футбол клубунда 2003-жылдан 2008-жылга чейин ойногон. Бул клубда 145 беттешүүгө катышып, Испания чемпиондугуна чейин жетип, 70ке жакын гол киргизген. 36 жашындагы атактуу футболчу «Барселона» менен эки жолу Испания чемпиондугун (2005, 2006), жеңип алган. Мындан тышкары 2006-жылы Лига чемпиону болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!