​Олимпиада-2018: бүгүн ачылышы болот

​Олимпиада-2018: бүгүн ачылышы болот
9-Фев. 2018, Жума, 02:44

Бүгүн Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы XXIII кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Бишкек убактысы боюнча 17:00 (14:00 мск) “Олимпиада” стадионунда башталат. Ага дүйнөнүн 90 өлкөсүнүн 2 900 спортчу катышат. Мелдештер 18 күнгө созулуп, спорттун 15 түрү боюнча жалпысынан 102 медаль ойнотулат. Алар биатлон, бобслей, тоо лыжасы, лыжа жарышы, лыжа кош таймашы, лыжа фристайлы, керлинг, коньки жарышы, трамплинден секирүү, скелетон, сноуборд, чана спортту, көркөм муз тебүү, хоккей, шорт-трек.

Кышкы олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан эки спортчу - тоо лыжачы Евгений Тимофеев жана лыжачы Тариэл Жаркымбаев жөнөп кеткен.

XXIII кышкы Олимпиада тууралуу

Түштүк Корея - Азия өлкөлөрүнөн Жапониядан кийин кышкы олимпиаданы өткүрүү даражасына татыган экинчи өлкө болуп калды. Пхенчхан шаары олимпиада өткөрүү үчүн 2010 жана 2014 - жылдары талапкер болуп, өтпөй калган. Ал эми 6-июлда 2011-жылы 2018-жылкы XXIII кышкы Олимпиада Пхенчхан шаарында өтө тургандыгы жарыяланган. Аймак деңиз деңгээлинен 700 метр бийиктикте болуп, адамдын саламаттыгы үчүн абдан ыңгайлуу. Эл аралык олимпиада комитетинин координациялык комиссиясынын төрагасы Гунилл Линдбергдин билдиргенине караганда бардык спортчулар жана күйөрмандарды Түштүк Кореяда унутулгус ирмемдер жана кереметтер күтүп жатат. Айрыкча Олимпиада айылы, жаңы ыкчам темир жолу жана жаңы стадион эшигин ачты. Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 2018-жылдын Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземдери өтө турган стадиондун курулушу алгачкылардын болуп аяктаган. Объект 2 жыл мурда салынып баштаган. 7 кабаттан турган арена 358 миң көрүүчүнү батыра алат.

XXIII кышкы Олимпиада талисмандары

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы XXIII кышкы Олимпиада талисмандары катарында Корея легандаларынын каармандары Сухоран ак жолборсу( Олимпиядалык оюндар үчүн) жана Пандаби күрөң аюу ( Паралимпиядалык оюндар үчүн) тандалып алынган. Сухоран ак жолборсу – бардык спортчулардын жана көрөрмандардын коргоочусу. Ал Кореянын уламыштары боюнча ишенич, күч жана коргоочунун символу болуп саналат. Ал эми азиянын Пандаби күрөң аюусу күчтүү эрк жана баатырлыкты аныктап турат. Пандаби сөзү эки мааниси бар: бири жарым ай, экинчиси оюн майрамы.

XXIII кышкы Олимпиаданын коопсуздугу

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы XXIII кышкы Олимпиаданын коопсуздугун 10 000дей аскер, полициячылар көчөдөгү коопсуздукту көзөмөлдөсө, дагы бир нече миңдей адам компьютер аркылуу кол салчу хакерлерден калкалап, киберкоопсуздукка көз салат. Ошондуктан кышкы Олимпиада оюндарын Кореяга барып көргүсү келгендерди бардык жерде аэропорттогудай лазердик текшерүүдөн өтүшөт.

Эки Корея бир желек менен чыгышат

Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Түштүк жана Түндүк Корея бир желекке биригип чыгышат. Бул эки аралдагы бир элди биримдикке чакырган достуктун желеги тууралуу Түштүк Корея спорт министри То Чон Хван билдирген. Түндүк жана Түштүк Корея өлкөлөрү Панмунжом кыштагында жогорку даражадагы сүйлөшүүлөрдөн кийн Түндүк Корея Кышкы Олимпиада оюндарына спортчуларын, тайквондо тобун жана башка делегациясын жөнөткөн. Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында эртең баштала турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадага Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон дагы катышат. Ал эми жалпысынан Түндүк Кореядан 22 спортчу катышууда. Спортчулар лыжа жарышы, тоо лыжа жарышы, көркөм муз тебүү жана аялдардын хоккейи боюнча ат салышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!