Олимпиада-2018: Орусиянын жаңы формасы

Олимпиада-2018: Орусиянын жаңы формасы
9-Фев. 2018, Жума, 11:42

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында бүгүн баштала турган 2018-жылкы кышкы Олимпиада оюндарында Орусиянын спортчулары формасы “Russia” жерине “OAR” жазуусу менен чыгышууда. XXIII кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Бишкек убактысы боюнча 17:00 (14:00 мск) “Олимпиада” стадионунда башталат. Ага дүйнөнүн 90 өлкөсүнүн 2 900 спортчу катышат. Мелдештер 18 күнгө созулуп, спорттун 15 түрү боюнча жалпысынан 102 медаль ойнотулат.

Эл аралык олимпиада комитети (МОК) кышкы Олимпиадагы бейтарап абалда катыша турган Орусиянын спортчуларына эч кандай улуттук белгилерди колдонбоого жана соцтармактарда улутун көрсөтүүгө тыюу салган. Кышкы Олимпиадагы катыша турган Орусиянын 169 спортчусунун кийим же сумкаларындагы «Russia» деген жазуулары «OAR» («Olympic Athlete from Russia») деп кыскартылып жазылат. Мындан тышкары формаларындагы өлкөнүн герби же символикалары толугу менен алынып, ордуна олимпиадалык шакекчелер менен алмаштырылат.

Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадага Орусия 389 спортчусун катыштырууну сураган, бирок Эл аралык олимпиада комитети 169 спортчуга гана уруксат берди. Спортчуларды коштоп 171 киши дагы барат.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага 2 900 спортчу катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!