Шумахердин унаасы эмне болду?

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 12:09

Михаэль Шумахердин “Ferrari F2001” маркалуу автоунаасын “Sotheby's” аукцион үйүнде 7,5 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу аукцион үйүнүн расмий “Twitter” баракчасында маалымдалган.

Лоттун бааланган куну 4-5,5 миллион доллар болду. Аукцион өкүлдөрү билдиргендей, бул азыркы Формула-1 автоунаасы үчүн төлөнгөн рекорддук сумма. Шумахер бул унааны башкаруу менен 2001-жылы Монако Гран-присин жеңип алган.

2013-жылдын декабрь айында Шумахер “Мерибел” курортунда лыжа тебүү учурунда кулап, мээсинен жаракат алган. Комага түшкөн гонщик “Гренобль” ооруканасына жаткырылып, ал жакта бир нече операция жасалган. Баардыгы болуп үй-бүлөсү эмделүүгө 16 миллион евро жумшаган.Учурда комада жаткан Шумахердин туугандары аны калыбына келет деген үмүтүн үзбөй келишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!