Жаңы “Infiniti QX80” Дубайда тааныштырылды

29-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:40

Жогорку сигменттеги стилдүү “SUV Infiniti 2017 Dubai Auto Show”да жаңы "QX80”ди тааныштырды.

Компаниянын маалыматы боюнча “QX80” стилдүү “SUV” сегментинде «Infiniti» компаниясынын новатордук позициясын алдыга бир кадам таштады.

Жаңы “Infiniti QX80” унаасынын кабинасы жогорку сапаттагы материалдардан жасалган жана акыркы технологияларды колдонгон.

5,6 литрлик “V8” кыймылдаткычы 400 PS динамикалуу, бирок жайлуулукка багытталган суспензия жана кубаттуу өндүрүшүнүн аркасында, жаңы “QX80” рульду башкарууда коопсуздук сезимин тартуулайт.

Жаңы “QX80” Япониядагы “Infiniti Kyushu” өндүрүш борборунда чыгарылууда жана 2017-жылдын соңунан баштап Түштүк Америка, Азия жана алыскы Чыгыш базарларында сатыкка чыга баштайт.

Белгилей кетсек, 2016-жылы 20 708 даана сатыш аркылуу “Infiniti”нин дүйнө жүзүндөгү сатылышы 8,96 пайызды түздү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!