Учуучу унаанын үлгүсү сунушталды

23-Дек. 2017, Ишемби, 11:51

Италияда “Lazzarini Design” дизайн-бюросу келечекте учуучу автомобилдин үлгүсүн тааныштырды.

Бюро башчысы Пьерпаоло Лаззарини футуристикалык унаа каражаттарын даярдоо боюнча билим алган. Ал өзүнүн кыялындагы учуучу машиналарды “Hover Coupe” аркылуу ишке ашырды. Унаанын дөңгөлөгүн өтө чоң эмес төрт турбораективдүү кыймылдаткычка алмаштырган.

Автомобиль тарыхын жетиштүү деңгээлде үйрөнүп чыккан адистер жана унаанын үлгүсү өткөн кылымдын 30-жылдарында чыккан “Isotta Fraschini Tipo 8B” унаасына окшоп кетет.

Төрт адамга ылайыкталган учуучу машинанын кыймылдаткычынын кубаттуулугу 550 км/саатка жетет. Ошондой эле, флаердин учуп-конуусу вертикалдуу түрдө ишке ашат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!