​Бишкекте кытай тилин үйрөткөн мектеп ачылды

31-Июль 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэр Албек Ибраимов, Кытайдын Коммерция министринин эл аралык-экономикалык кызматташтык башкармалыгынын директорунун орун басары менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар жалпы билим берүү долбоорунун алкагында Бишкектеги «Жал» кичи районунундагы №95 кытай тилин үйрөткөн гимназия-мектепти ачуу тууралуу кызматташтыкка кол коюшту.

Кытай өкмөтү тарабынан салынган мектеп, жаңы 2017-жылкы окуу жылында окуучуларды кабыл ала баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!