Дарбыз жеген арыктайт

19-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Жай мезгилинде мөмө жана жер-жемиштен өткөн пайдалуу азык жок экени талашсыз. Алар организмге керектүү витаминдерге бай. Алардын ичинен витаминдерге өтө бай жана дарылык касиеттери көп дарбызга токтолсок.

Химиялык курамы

Дарбыздын 90 пайызы суудан турат. Анда жеңил сиңе турган фруктоза, глюкоза жана сахароза 13 пайызга чейин жетет. Андыктан кант диабетинен жабыркагандар да жей берсе болот. Бирок аз көлөмдө гана жегенге уруксат. Мындан сырткары В1, В2, С, РР витаминдерине, темир, магний, кальций, натрий, фосфор жана кислоталарга да бай. 100 грамм дарбыздын азыгында болгону 38 килокалорий бар. Учурда дарбыздар көбүнчө дары менен өстүрүлүп калгандыгына байланыштуу, аны 2 жашка чейинки балдарга берүүгө болбойт.

Дары менен өстүрүлгөн дарбызды айырмалоо

Мындай дарбыздын жемиши билинер-билинбес сыя жана жылтырап турат. Ал эми жакшы дарбыздын эти бүртүкчөлөнүп турат. Ошондой эле сыртындагы ак түс саргыч келет.

Дарбызды кичине кесип алып, айнек идиштеги сууга салып көрүңүз, эгер дарбыз жакшы болсо, суу жөн эле булганат, зыяндуу болсо, суу кызыл же кызгылтым түскө боёлот.

Жолдо сатылгандары зыяндуу

Жол жээктеринде сатылып жаткан дарбыздарды алуудан качыш керек. Анткени дарбыз автоунаалардан чыккан уулуу заттарды өзүнө бат сиңирет.

Эреже боюнча, соода жүрүп жаткан жер күн тийбегидей тосулушу зарыл. Аларды жерге төгүп салбастан, атайын товар коё турган орундарга коюп сатыш керек. Жерге ыргытылып коюлган дарбыздардын билинбеген жаракалары аркылуу чаң менен зыяндуу микроорганизмдер кирип кетиши мүмкүн.

Дарылык касиети

Ширеси бөйрөктөгү таштарды эритип, өттөгү уулуу заттарды, денедеги шлактарды айдап чыгат. Бул үчүн 4-5 күн ач карын 2 килограммдан жеш керек (2 маал: эртең менен жана кечинде).

Заң чыгарууну жакшыртат.

Шишик, цистит, жүрөк-кан тамырларга, унутчаактык ооруларына дары.

Жоон ичегинин сезгенүүсүндө жардамы чоң. Бул үчүн 80-100 грамм кургатылган дарбыздын кабыгынын үстүнө 500 миллилитр кайнак суу куюп, муздаганга чейин тыныктырган соң жарым стакандан күнүнө 4-5 жолу ичилет.

Кош бойлуу аялдар үчүн эң пайдалуу. Ал түйүлдүктүн нерв клеткаларынын калыптанышына өтө чоң жардам берет жана батыраак боюна бүтүрүүгө таасири чоң.

Дарбыздагы фолий кислотасы зат алмашууну жөнгө салат.

Арыктоо үчүн 10 күндүк диетага отуруңуз. Бул күн аралыгында дарбыздан башка эч нерсе жегенге болбойт. Ал эми ачкачылыкка чыдабагандар кара нанды аралаштырса болот.

Ширеси теринин өңүн жакшыртып, бырыштарды жазат. Бетке маска кылып жабыш үчүн кебезди ширесине малып же жемишин майдалап алып, бет менен моюнга 15 мүнөт жабыңыз. Андан кийин жылуу суу менен жууп, артынан муздак суу менен чайкаңыз.

Эсиңизде болсун

Эгер дарбызды жей турган болсоңуз, ага чейин 2-3 сааттын ичинде туздуу азыктарды жебегениңиз оң. Анткени туз суюктукту организмде кармап турат. Натыйжада, шишик пайда болот. Ошондой эле жүрөк оорулууларга ашыкча жүк болушу мүмкүн.

Өнөкөт ичеги оорусунан жабыркагандар дарбызга көп азгырылбоосу керек. Анткени дарбыз ич көптүрөт.

Дарбыздын кабыгында топурак, чаң, ар кандай микроорганизмдер болгондуктан, таза жуулбаса, организмге инфекция алып кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!