Сүт жөнүндө эмне билебиз?

Сүт жөнүндө эмне билебиз?
23-Дек. 2017, Ишемби, 14:46

Ымыркай бул дүйнөгө келери менен биринчи жолу сүттү ичип көрөт. Бардык тамак-аштардын түрлөрүнөн мурда сүттөн ооз тийүү адам баласьнын өмүр бою ар түрдүү оорулардан сактап ке-лет. Ал эми бүгун сиздерге сүттүн түрлөрү жана пайдалуулугу жөнүндө кеп козгомокчубуз.

Топоздун сүтү

Өзгөчө Индия, Индонезия, Египет, Грузия, Азербайжан, Армения, Италия жана Россиянын түштүгүнүн калкы кеңири колдонот. Топоздун сүтүнөн кам каймак, айран, быштак, балмуздак жана май жасалат. Эң маанилүүсү белгилүү италиялык «Моцарелла» быштагы да топоздун сүтүнөн жасалат.

Топоздун сүтүнүн даамы өткүр эмес, жыты да жок. Ал эми суюктугу боюнча уйдун сүтүнөн бир аз коюураак. Башка сүтгөргө караганда да май, белок, кальций, фосфор, А жана С тобундагы витаминдери көп. Анын үстүнө уйдун сүтүндөгүдөй казеин деген белок жок. Аталган белок айрым адамдарда курч аллергия оорусун жаратышы мүмкүн.

Төөнүн сүтү

Акыркы учурда Европада төөнүн сүтү кошулган Швейцариянын шоколады жогорку суроо талапта. Европалыктар анын өзгөчө туздуулугун чыныгы экзотикалык азык-түлүк катары баалашат. Ал эми Чыгыштын эли болсо төөнүн сүтү менен илгертен эле тааныш. Коңшу казактар бул сүттөн шубат жасашат. Шубат биздин эле кымыздын бир түрү болуп саналат. Аравияда төөнүн сүтүн какао менен аралаштырып ичишет. Минтүүсүнүн себеби какао анын курч даамын жумшартат. Ал эми Индияда аталган сүттөн балмуздак жасалат. Төөнүн сүтүндө уйдукуна караганда С жана D витаминдери үч эсеге көптүк кылат. Ошол эле учурда, лактоза (сүт шекери 5 жана казеин да азыраак. Бул заттар биздин организмибизге сүттүн бат сиңишине тоскоолдук кылат.

Бээнин сүтү

Дүйнөнүн Борбордук Азиядан башка бөлүгүндөгү адамдарга бээнин сүтү жана кымыз экзотика көрүнсө, бизге күнүмдүк тамактын бир түрү катары калыптанып калган. Тээ баатыр Манастан

бери ичилген, бул суусундуктун бир түрү, эчен кылымдардан бери кыргыздын да канына сиңип бүткөн. Кымыз уйдун сүтүнө караганда майлуулугу эки эсеге аз. Бүгүнкү күндө бээнин сүтү менен дарылануу кайра жанданууда. Себеби ал организмди ашыкча туздардан, шлактардан тазалайт, ичеги-карындын иштешин жөнгө салат.

Эчкинин сүтү

Эчкинин сүтү планетабыздын эң көп тараган сүтү катары таанымал. Түштүктө жайгашкан көптөгөн өлкөлөрдүн жашоочулары эчкинин сүтүнөн ар түрдүү азыктарды даярдашат. Мисалы, «Сент-Мор», «Кроттен де Шавиньоль» ж.б. белгилүү быштактар аталган сүттөн жасалат. Ошондой эле түрктөрдүн чыныгы йогурту да эчкинин сүтүнөн жасалышы шарт. Ал эми байыркы грекгер аталган сүт тууралуу миф да жараткан. Анда Амалфея деген эчки Зевсгин (кудайлардын кудайы) өзүн эмизчү деп айтылат.

Уйдун сүтү

Дүйнөлүк кулинарлар бул сүтсүз өзүнүн ашканасын элестете албаса керек. Аталган сүт өзүнүн тоюмдуулугу менен да белгилүү. Мисалы, тоюмдуулугу жактан бир литр сүт - жарым кило уйдун эти менен барабар. Ошондой эле аталган сүттө организмге керектүү бардык заттар камтылган. Алар: белок, май, углевод, минералдык туздар, витамин, фермент жана микроэлементтер. Эгерде күнүнө жарым литр сүт ичсеңиз, адамдын бир суткалык кальций керектөөсүн толуктадым деп билсеңиз болот.

Койдун сүтү

Койдун сүтү кимдир бирөөгө жапайы көрүнгөнү менен уйдукуна караганда 2-3 эсеге А, В жана В2 витаминдерине көптүк кылат. Аталган сүттү Чыгыш, Италия жана Грециянын эли кеңири пайдаланат. Бул сүттүн көп колдонулбаганынын себеби, анын өзгөчө бир спецификалык жытка ээ болгондугунда.

Бугунун сүтү

Бул сүттү көбүнчө планетабыздын Түндүк жашоочулары кеңири колдонушат. Бул сүт эң калориялуу сүт болуп саналат. Анда уйдун сүтүн салыштырып алсак, 3 эсеге белок жана 5 эсеге майлуулугу көптүк кылат. Мындай майлуу сүттү ар бир эле адам сиңире албайт. Ошоңдуктан аны суу менен аралаштырып ичкенге туура келет. Финляндиянын жашоочулары андан даамдуу быштак, тувалыктар менен алтайлыктар сүт арак жасашат.

Эшектин сүтү

«Адамдан айла качып кутулбайт» дегендей кыргыз калкына эшектин сүтү экзотика көрүнүшү мүмкүн. Бирок эшектин сүтү сүттөрдүн арасынан эң пайдалуу деп табылган. Байыркы римдиктер аталган сүт менен жуунса адам жашарат деп ишенишчү. Эшекти арам мал катары тааныганыбыз менен анын сүтү чаңда кезигип жана баасы да асманда болот. Себеби, эшек күнүнө араң гана эки литр сүт берет. Ал эми уйдун күнүнө кырк литрге чейин сүт бергеңдери да бар. Мындай сүттү азырынча Европанын айрым кымбат дүкөндөрүндө гана кезиктирип калууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!