​Бишкекте бак-дарактар жаңыланат

10-Март 2017, Жума

Үстүбүздөгү жылы Бишкек шаарына 10 миң түп бак-дарак отургузулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы өткөн жылы калаага 120 миң бак-дарак отургузган. Ал эми 6 миң 671 бак-дарак куурап, авариялык абалга кептелген. Шаарда жыл сайын эскирген, адам өмүрүнө коркунуч жараткан шаарды жарыктандырууга тоскоол болгон бак-дарактар көп болгондуктан алар кыйылат. Айрымдарынын эскилиги жетип 50-60 жылга чейин кыйылган эмес. Алардын ордун жаңысына алмаштырууну мэрия колго алууда.

"Акыркы жылдары шаарда 115 бак-дарак кулаган. Мындан улам муниципалдык ишкана аларга дыкат көңүл буруп, жол боюндагы 100 түп бакты кыят. Кыйылган бак-дарактардын ордун жаңы отургузулган көчөттөр толуктайт",-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!