Мончону тоногондор кармалды

10-Март 2017, Жума

Чүй облусундагы мончолордун биринин администраторун тоноп кеткен 3 тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-март күнү Чүй РИИБине район аймагындагы мончолордун биринин администратору 33 жаштагы К.О. арыз менен кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар мончонун айнегин сындырып киришип, коркутуп 5800 сом акча каражатын алып кетишкенин айткан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн.

«Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы М.К., 27 жаштагы М.С. жана 30 жаштагы Т.Ж. кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!