​Кыргызстанда 55,5 миң адам жумушсуз

17-Март 2017, Жума

2017-жылдын 1-январына карата өлкөдөгү расмий катталган жумушсуздардын саны 55 миң 579 адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди

Маалыматка караганда, жалпы катталган жумушсуздардын саны 55 миң 579 адамды түзгөн. Бул көрсөткүч жалпы экономикалык активдүү калктын 2,2 пайызына барабар. Жумушсуздардын 52 пайызын аялдар түзөт.

Өлкөдө жумушсуздар эң көп катталган аймак Жалал-Абад областы, анда 13 миң 700 адам катталган. Ал эми Талас областында жумушсуздардын саны төмөн болуп 2,2 миң адамды түзгөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!