Аптечкада балдар үчүн эмнелер болушу керек?

17-Май 2017, Шаршемби

Балдар үчүн чыгарылган Нурофен (сироп).

Бул ооруну сездирбөөчү, суукка урунууда колдонулуучу жана дене табын түшүрүүчү каражат. 8 саатка чейин таасири сакталат. Бирок бала 6 айга чыккандан кийин колдонулат.

Эффералган, Калпол, Панадол (сироп жана свечалар). Булар да дене табын түшүрөт.

Називин, Отривин (тамчылатып куючу дары). Мурун бүтүүдө колдонулат.

Аквамарис – мурун үчүн спрей. Чимкирикти токтотуу үчүн пайдаланылат. Бирок 1 жашка чыга элек балдар үчүн колдонулбайт.

Гексорал, Стопагин (спрей). Жаңы башталган ангинаны дарылоодо пайдаланылат. Бирок 1,5 жаштан өйдө балдарга гана колдонууга болот.

Доктор Мом же Супримо-Бронхо (мазь). Денени жылытуучу каражат. Суук тийгенде, сасык тумоологондо таманга шыбалат. Жөтөлдө далыга жана көкүрөккө, тамак ооруганда алкымга сыйпалат. 1 жаштан өйдөкү балдарга жана чоңдорго да болот.

Отипакс – кулак үчүн тамчылатма дары. Отит оорусунда кулакка куюлат.

“Корня алтея” (сироп). Жөтөлгө жана суук тийгенге каршы каражат. Мындан тышкары Амброксал дарысы да жөтөлгө каршы колдонулат.

Таңдайдагы кичине тил эмне үчүн керек?

Чындыгында, кичине тил тери эмес, ал – кекиртек менен тамакты бөлүп туруучу былжырлуу кабыкча менен капталган булчуң.

Кичине тилдин милдети – адам сүйлөп жатканда же бир нерсени жутканда, каңылжаарды жаап туруу. Болбосо тамак, суусундук же сүйлөгөндөгү аба каңылжаарга өтүп кетет.

Кичине тил тамак-аштын кулкун аркылуу өтүүсүн көзөмөлдөйт. Эгер тамак кичине тилге тийсе, анда какап кетүү мүмкүн. Ошентип, кичине тил калканчтын ролун аткарат.

Чүчкүрүүнүү басып коюу зыянбы?

Чүчкүрүү келгенде чүчкүрбөстөн басып коюу кулакка, көзгө, мурун кемирчегине, бет сөөктөрүнө зыян. Чүчкүргүңүз келгенде оозду жаап, дем албай калуу менен сиз чүчкүрүү келгендеги басымды сыртка эмес, өйдөгө, кулак тарсылдагына дейре багыттайсыз. Мындай учурда басым кулак тарсылдагын бузат. Андыктан эл ортосунда болгон кезде чүчкүрүүнү токтотууну кааласаңыз, башка ыкмаларды үйрөнүңүз.

Тилди таңдайга такап кармап туруу кажет.

Мурунду жаап, оозду бир аз аба өткүдөй ачык калтыруу керек.

Сөөмөй менен мурун жана жогорку эриндин ортосундагы тилкени бекем басуу зарыл. Бул чүчкүрүүнү басат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!