Кооптуу социалдык тармактар

13-Июнь 2017, Шейшемби

Британиянын "RSPH” медициналык уюмунун изилдөөчүлөрү социалдык тармактардын жана медианын өспүрүмдөрдүн психикалык ден соолугуна тийгизген таасири изилдеп чыгышкан. Эксперттер сурамжылоо өткөрүп анда кайсы социалдык тармактар коопсуз жана кайсылары зыяндуу экенин аныкташкан. Анын жыйынтыгында жаштардын психикасына жакшы “дос” болгон "YouTube". Андан кийин "Facebook" жана "Twitter" турат. Төртүнчү жана бешинчиде "Snapchat" жана "Instagram" орун алган.

"Instagram" социалдык тармактардын ичинен ден соолукка эң зыяндуусу деп табылган. Эксперттердин билдирүүсү боюнча акыркы эки социалдык тармак жаштарда коркуу, тынчсыздануу жана депрессия сезимдерин пайда кылат. “RSPH” башчысы Ширли Крамер белгилегендей социалдык тармактар адамдарда тамеки тартуу, баңгизат колдонуу, спирт ичимдиктерине берилип кетүү сыяктуу эле өзүнө тартып алат.

Мектеп окучууларына ата-энелер жана мугалимдер компьютер алдында отурган убактысына чектөө киргизишсе, ал эми өспүрүм курактагыларды көзөмөлгө алып туруу кыйын болот.

Изилдөөчүлөрдүн сурамжылоолоруна 14 жаштан 24 жашка чейинки жаш балдар катышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!