Балага китеп окууну кантип үйрөтүүгө болот?

18-Июль 2017, Шейшемби

Балаңызды китеп окуган, билимдүү, адептүү кылып тарбиялагыңыз келсе, төмөндөгү кеңештерге кулак сала жүрүңүз.

Бала кайсы убактта китеп окууга даяр болот?

1. Балаңыз сүйлөгөн учурда сүйлөмдөрдү туура кура алат жана өзүнүн эмне айтып жатканын түшүнөт.

2. Добуштарды анык айтып, бири-биринен кандай айырмачылыктары бар экенин билет.

3. Оң менен солду, жогору менен төмөндү ажырата алат. Ал баланын тексти солдон оңго карай, жогорудан төмөндү карай окуусу үчүн кажет болот.

Балаңызга айтып берип жүргөн жомокторуңуздун баары түгөнгөн кезде, балага жомок китеп сатып берип, өзүнүн окуусуна кеңеш бериңиз.

Китеп окууну кантип үйрөтөбүз?


1. Үлгү болуңуз.

Эгер баланын ата-энеси, агалары менен эжелери китеп окушса, бул баланын китеп окууга деген кызыкчылыгын артырат.

2. Бирге окуп, талкуулаңыз

Балаңыз дагы тамга тааный элек болсо, ага китепти үнүңүздү чыгарып окуп бериңиз. Андан кийин китептин ичиндеги сүурөттөрдү балаңызга көрсөтүп, окулган жомокко катыштуу суроолорду бериңиз. Мисалы,“Чыпалак бала” жомогун окусаңыз, балаңызга “Сүрөттө Чыпалак баланын ата-энеси ким?”, “Сүрөттө чыпалак бала кана?” деген суроолорду берүүгө болот. Эгер балаңыз эс тартып калган болсо, “Чыпалак бала карышкырды кантип алдап кетти?”, “Ата-энесине кантип кайрылып келди?” деп сураңыз. Бул балаңыздын ой жүгүртүүсүн өстүрөт.

3. Окууну тамгалардан баштаңыз

Балаңызга биринчи тамгаларды үйрөтүңүз. Кийин “ма-ме”, “ба-бе”, “па-пе” деген сыяктуу эки ариптен турган муундарды кошуп окуңуздар. Андан соң үч тамгадан турган сөздөргө өтүңүздөр. Ушундайча, сөздөрдөгү тамгалардын санын бирден көбөйтүп отуруңуз.

4. Ойноңуз

“Тамганы тап”

Балага окууну көчөдө жүрүп да үйрөтүүгө болот. Ал үчүн “Тамганы тап” оюнун ойноңуздар. Оюн шарты: балаңыздан айланада курчап турган нерселерден кайсы бир тамганы катып ал сөздү табуусун сураңыз. Ал дүкөндүн аталышы, жарнамадагы сөз, унаадагы, кийимдеги жазуулар болушу мүмкүн.

“Ушул жерде бир зат бар”

Дагы бир оюн “Ушул жерде бир зат бар” деп аталат. Анда балаңыз менен кезектешип бири-бирилериңизге сөз катыңыздар. Мисалы: “Ушу бөлмөдө бир зат бар. Беш тамгадан турат, “К” тамгасынан башталат, “П” деген әтамгадан бүтөт. Ал эмне?”. Жообу: “Китеп”. Оюнду ушу сыяктуу уланта берүүгө болот.

“Сөздү улант”

Балаңыз 36 тамганы жаттап алгандан кийин, “Сөздү улант” оюнун ойноп, анын тыбышты ажырата билүү кабылетин өстүрүүгө болот. Ал үчүн балаңызга каалаган бир сөздү айтасыз да, сөз кандай тамгадан бүтсө, ошол тамгадан башталган бир сөз айтып улантуусун айтыңыз. Мисалы, “Арыстан” – “Нан” – “Нарын” – “Назик” – Көз”, жана башка ушу сыяктуу.

Бала тамгаларды толук жаттап, аларды бир-биринен ажырата алган кезде, анын китеп окууга деген кызыгуусун ойготуу керек. Ал үчүн бир нече ыкмалар бар.

5. Кассиля ыкмасы

Балаңызга кызыктуу болот деп ойлогон китепти экөөңүз бирге окуп баштаңыздар. Аңгеменин эң кызыктуу жерине келгенде, калп бир ишиңиз чыгып калган сыяктуу болуп, китепти балаңыздын өз алдынча окуусу үчүн калтырыңыз. Эртеси “Кечеги китеп кызыктуу экен, ээ?”, “Кандай бүттү?”, “Жомоктогу каарман эмне болду?” деген суроолорду коюп, китепти аягына чейин чогу окуй албаганыңызга өкүнгөн сыяктуу кейип танытыңыз. Ошондо балаңыз сизден көп окуганына мактанып, андан окууга болгон кызыгуусу артып, окугандарын сизге айтып берүүгө ашыгат. Башкысы, баладан китеп тууралуу таасирин суроону унутпаңыз.

6. Роль ыкмасы

Китеп окуган кезде балаңыз менен бир-бирден каарман бөлүп алыңыздар. Эгер китепте көп болсо, үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүн да тартууга болот. Ошентип кадимки актёрлордой роль жаратып, жомоктун каармандарын туурап сүйлөп, аткарыңыздар. Бул да баланын окууга болгон кызыгуусуна түрткү болот.

7. Кино желеси

Балаңыз кандай да бир мультфильмдерди, кинолорду жакшы көргөн болсо, ага ошол мазмундагы китептерди алып берүүгө болот. Мисалы, ал “Супермен” тууралуу мультфильмди жакшы көрсө, “Супермен” тууралуу комиксти алып бериңиз.

8. Мажбурлабаңыз

Бул - эң башкысы. Өзүңүз китеп окубагандан кийин, балаңызга аны милдеттендирүүнүн кажети жок. Себиби, бала көргөнүн жасайт. Эгер ага китеп окууну мажбурлап, урушсаңыз, тескерисинче баланын калоосу жоголуп, китап окууну жек көрүп калат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!