Төмөндөгү катачылыктарды ар бир жаштагы адам билүүгө тийиш. Аларды карап чыгууга көп убакыт кетпейт. Европалык психологдорунун аныктоосу боюнча, жаш кезден жүгүрүп, талаада топуракка оонап, тизеси менен жыгылып жаракат албаган бала өскөн кезде фобия сыяктуу коркунучтарга ээ болот экен. Бала кулап, бир нече ирээт жаракат алуу аркылуу жашоону түшүнгөндөй болот. Ал эми боз улан менен бойжеткенге акыл-эс кирүүсү үчүн алгачкы махабаттын ачуу даамын таткан абзел.
1. Биз балдарга тобокелдик сезимин баштан өткөрүүсүнө мүмкүндүк бербейбиз. Алардын коопсуздугу биринчи орунда деп, жашоонун кыйындыктарынан сактап калууга тырышабыз. Бирок бул аракетибиз ката. Аларга өмүрдө жакшы менен жамандын катар жүрөөрүн үйрөтүүбүз керек. Мисалы, алгачкы махабаттын ачуу даамын татса, сезимди бекем сактоонун маңызын түшүнөт. Чоңдор балдарды коргойбуз деп алардын мүнөзүнө текеберчилик, өзүн баалай албоо сыяктуу жагымсыз касиеттердин пайда болуусуна себепчи болуп жаткандыгын сезе беришпейт.
2. Биз өтө тез жардам беребиз. Балага тез жардам берүү аркылуу аны өз алдынча изденүүсүнө, кыйын маселелерди өзү гана чечүү мүмкүндүгүнөн айрыйбыз. Көп убакыт өтпөй бала кандай жагдайга кабылсам, мага жардам бере турган адам бар деп ойлойт. Ал эми өмүр өтө татаал. Анда махаббат менен сүйүүгө орун болсо да, адамдардын бири-бирине жардам берүүгө жетишпей калуусу кадимки эле көрүнүш.
3. Аларды ашыкча мактап жибербеңиз. Бала жеңиштин баардыгына тиешелүү экенин сезет. Убакыт өткөндөн кийин мындай ойлогон жалгыз гана туугандары экенин түшүнүп, ата-энесине калп айта баштайт. Себеби, ага мактоо сөз угуу маанилүү.
4. Күнөөнү сезүү аркылуу жакшы касиеттерин жашырып коёт. Бала ашыкча эркеликтин аркасынан жашоо жолунда кезиктирген кыйындыктарды жеңе албай калуусу мүмкүн. Ошол себептен жаш кезинен «жок», «азыр эмес» сыяктуу сөздөрдү укканы жөн. Ата-энелер үй-бүлөдө бир нече бала болсо, алардын баардыгын бирдей мактагысы келет. Бирок баардыгын бирдей мактай берүү мүмкүн эмес. Ушундайча баланы табыш өзунүн эмгегинин аркасында гана келгендигин түшүнүү мүмкүндүгүнөн айрыбайбыз.
5. Биз аларга өзүбүз жасаган каталарды жасоодон баш тартыра албайбыз. Жаш өспүрүмдүн канат жайып серпилгиси келген убакыт туулат. Чоңдор бул аракеттерине мүмкүндүк берүүлөрү керек. Алардын баардык кыйындыктарын чечип берүүгө умтулбай, өзүбүздүн мурда жиберген каталарыбызды айтып, сабак болуусун үйрөткөнүбүз оң. Дал ошол балдардын жашында кандай катачылыктарды жасаганыңызды айтып бериңиз. Бирок, тамеки чегип, ичимдик жана уят сөздөрдү оозго алуудан узак болуңуз. Жана ошол каталардан сабак алганыңызды айтыңыз.
6. Билим менен акылды чаташтырбаңыз. Билимдүү бала менен акылдуу адамдын арасында айырма бар. Адатта сабагын жакшы окуган бала турмуш жолуна даяр деп ойлойбуз. Билимдүү баланы баардык жагынан жакшы деп айтуу кыйын. Ошондуктан балаңызга акылдуу болууну үйрөтүңүз.
7.Балдарга үлгү көрсөтө албайбыз. Тарбияны көзүбүз менен гана эмес, ишибиз менен да көрсөтө билүүбүз керек. Алар үчүн сиз үлгү болчу адамсыз. Кичүү муун бизге карап бой түзөшөт. Ошондуктан эң майда деген иштериңизге да маани бергениңиз жөн. Ата-эне балдар үчүн күзгү болот.