Балдарга зыяндуу 5 суусундук

29-Авг. 2017, Шейшемби

1. Сүт коктейли. Балдарга арналган эң зыяндуу суусундук сүт коктейли болуп саналат. Организмге кооптуулук жагынан сүттүү коктейлдер газдалган суусундуктардан ашып түшөт. Адистердин маалыматы боюнча, сүт коктейлдеринин курамындагы кант менен майдын өлчөмү адам керектөөчү күнүмдүк нормадан көп. Анын үстүнө азыркы жаштар аны гамбургер, фри картошкалары менен бирге ичип, организмге өтө зыян алып келишүүдө. Окумуштуулар 100гө жакын орто мектеп окуучуларын шоколад кошулган сүт коктейлдерин ичирип сынап көрдү. Натыйжасында, адистер мындай суусундук адамга баңгизат сыяктуу таасир берет деген жыйынтыкка келишкен.

2. Газдалган суусундук. Газдалган суусундукдуктун курамында кантын чектен тышкары өлчөмү жана химиялык заттар (боёгуч заттар, консерванттар, ж.б.) бар. Газдалган суусундуктар адам организмине ар турдүү таасир берет.
Ар бир газдалган суусундукта кант менен кычкылдар кездешет. Бул элементтер ашказанга катуу таасир берет. Кант диабети менен ооругандар газдалган суусундуктун ордуна минералдуу суу пайдалангандары оң.
Газдалган суусундуктар тиштин тушүүсүнө, картаюуга жол ачат. Курамындагы кычкыл элементтер тишти алсыратат.

3. Ширелер. Дүкөндө сатылган ширелердин курамында көмүртек суулар өтө көп. Бул ашказан, ичеги-карын оорусуна алып келет. Балдарга күнүнө бир куту шире жетиштүү болот.

4. Кофе. Кофенин балага зыяндуулугу– ал нерв системасынын бир калыпта өсүүсүн бузат. Ошол себептен жаш баланын кулк-мүнөзү тез өзгөрүп, эмоцияга берилип кетет. Кофе жүрөккө салмак кошот.

5. Чай. Пайдалуу суусундуктардын катарына кирет, бирок аны чамасынан көп өлчөмдө ичсе организмдеги калий, натрий жана кальций сыяктуу заттарды жууп салат. Бул чоңдордун да, жаш балдардын сөөктөрүнүн жукаруусуна алып келет. Ал дарт остеопроз деп аталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!