«Instagram»да таанымал болгон шаарлар

2-Дек. 2017, Ишемби, 10:38

2017-жылы “Instagram” социалдык тармагында эң белгилүү болгон шаарлардын тизмеги жарыяланды. Бул тууралуу “ria.ru” сайты билдирет.

Рейтингтин башкы сабында Нью-Йорк шаары турат. Ал эми Лондон экинчи орунга ээ болгон.

Белгилүү шаарлардын үчилтигине Москва кирген.

Ошондой эле, социалдык тармакта атагы чыккан шаарлардын тизмегине Сан-Паулу, Париж, Лос-Анджелес, Санкт-Петербург, Джакарта, Стамбул жана Барселона да бар.

Маалыматка ылайык, мындай рейтинг адамдардын көп сүрөткө түшүп, геотегти белгилөө боюнча аныкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!