Жаңыланган “Windows” компьютерлерди иштен чыгарды

10-Янв. 2018, Шаршемби, 09:34

“Microsoft” корпорациясы “Windows”тун жаңыланган “Microsoft Meltdown” жана “Specter” үлгүлөрүн таратууну токтотту. Бул патч “AMD” процессорлору бар компьютерлердин иштен чыгуусуна себеп болду. Бул тууралуу “The Verge” маалымдады.

«Майкрософт корпорациясы Windows операциалык системасын коопсуздук үчүн жаңыртууларынан кийин алардын компьютерлери иштебей, “AMD” чиптеринин ээлеринен чагымдар келе баштаган», - деди компания өкүлү.

Корпорация азыртан баштап бул маселени чечүүгө аракет кылууда. Бул көйгөйдүн келип чыгышына корпорация “AMD”ны айыптоодо. Жаңылоодон кийин компьютер иштен чыккан учурда, “Microsoft” корпорациясы колдоо көрсөтүү сайтына кайрылууну сунуштоодо.

“Meltdown” программасы ар бир компьютердин эс тутумун, анын ичинде ядронун эс тутумун окууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге, “Specter” программасы бош орундун жардамы менен хакерлер башка тиркемелерден маалымат ала алат. Бул кемчиликтер “Intel”, “ARM64” жана “AMD” процессорлоруна чабуул жасоого кабылеттүү. Алардын экөө тең 2017-жылдын ортосуна чейин аныкталган, бирок көйгөйдү түзөтүү үчүн 2018-жылдын башында гана колго алышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!