Батир-студия деген эмне?

31-Май 2017, Шаршемби

Батир-студия – бул жаңы типтеги заманбап үй стили болуп саналат. Акыркы убактарда мындай үлгүдөгү батирлер куруучулар тарабынан сунушталып жүрөт. Сатып алуудан мурда анын өзгөчөлүктөрун оң жана терс жактарын карап көруп алууну сунуштамакчыбыз. Батир-студия деген эмне жана ал кандай көрүнөт? Бул үйлөр кимдерге ылайыктуу? Бул макалада ушу суроолорго жооп таба аласыздар.

Батир-студия: бул эмне?

Студия — бул батир, жалпы бир чоң бөлмө эч кандай дубалдар менен тосулуп бөлүнбөгөн. Мында жалгыз гана даараткана менен жуунучу бөлмө гана тосулат. Мындай батирде уктоочу, конок жана ашкана бөлмөлөрүнүн ортосун бөлгөн дубал жок. Алардын ортосун дизайнерлердин жардамы менен гана бөлсө болот. Негизинен мындай батирлер узун бир бөлмө болуп, эч кандай балкон же лоджасыз бир терезеге гана болот. Ошондой эле ашкана зонасы кире беришке жакын болсо, ал эми уктоочу жак терезе жактан орун алат. Кээде студия деп аралаш батирлерди да атап келишет. Аларда конок бөлмө менен ашкана биригип, ал эми уктоочу бөлмө өзунчө дубал менен бөлүнүп турат.

Кимдерге ылайыктуу?

Студияларга болгон моданын пайда болгондугуна анча көп боло элек жана ал батыш өлкөлөрүнөн келип ал жакта жаштарда популярдуулукка ээ. Бир жагынан алып караса батир-студиялары максималдуу жарыктык жана кенендик болсо, башка жагынан ал баардыгынын эле көңүлүнөн чыга бербейт. Ошентсе дагы ал бойдок жаштарга же жаңы үйлөнгөн жаш жубайларга ылайыктуу болот. Көпчүлүк учурда мындай батирлерди активдүү иш адамдары жана үйүндө көп отура бербегендер алышат.

Белгилей кетүүчү жагдай эконом-класстагы студиялар арзан турат. Ошондуктан аны толук кандуу батирге акчасы жетпегендер сатып алышат. Мындан сырткары бул үйлөрдү чыгармачыл адамдар жашаш үчүн жана көркөм сүрөт студиясына айлантышат. Жаштар үчүн кенен студия эркиндикти түшүндүргөн оптималдуу вариант. Ал эми улуу муундагы адамдар үчүн консервативдүү нерсе, себеби көпчүлүгү анча чоң эмес батирлерде жашап өсүшкөн. Бирок ошентсе да дубалдар менен бөлүнгөн үйлөр жайлуулук тартуулайт.


Эмнеси менен айырмаланат?

Кире бериш бөлмө жок. Мында суроо туулат батир келген конокторго эшигин ачууга даярбы? Ошондуктан үй ар дайым таза жана ирээтүү болуусу шарт. Ошондой эле сыртагы кир чаңдын баары түз эле бөлмөгө кирет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн батирдин кире беришине коридор бөлүп коюу менен гана чечүүгө болот.

Ашкана конок бөлмөгө өтөт. Бул маселени чечүү үчүн зонага бөлүү керек. Мисалы, ашкананын полун бир аз көтөрүп же болбосо конок бөлмөнү көтөрсө болот. Бирок бул чечим тамак-аштардын жытын кирип кетүүсүнөн куткарбайт. Ал үчүн жакшы желдетүү системасы чечиш мүмкүн.

Уктоочу бөлмө өзүнчө бөлүнбөйт. Уктоочу керебетти баарынын көз алдына коюп коюуга болот, же болбосо аны парда менен жаап коюу гана кажет.


Батир-студиялардын интерьери өзгөчө чечимди талап кылат. Баардык элементтер бири-бири менен гармонияда болуусу шарт. Ал үчүн ар дайым өзүнчө дизайн ойлоп табуу керек болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!