Элиталык турак жай комплекси

3-Июль 2017, Дүйшөмбү

“Токой” деп аталган Германиянын Берлин шаарындагы элиталык турак-жай комплекси “Eike Becker_Architekten” архитектуралык студиясында тарабынан иштелип чыккан.

Кандуу согуш жылдарынын элеси болгон Берлин дубалынын ордуна өзгөчө архитектурадагы жана заманга шайкеш стилдүү интерьери менен заманбап үйлөр пайда болду. Шаардын тарыхый аянттан орун алган бул турак-жайлар элдин чоң суроо-талабына ээ. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 2008-жылдан баштап 2016-жылга чейин алты жыл убакыт кеткен. Райондун аймагы турак үйлөрдөн, менчик жана ижара акысына ээ болгон батирлерден, ошондой эле кызматтык имараттардан жана паркинг менен жашыл парктардан турат. Бүгүнкү күндө комплексте 161 батир, 115 кондоминиумдар, 7 соода түйүндөрү жана 88 жер астындагы унаа токтотучу жайлар бар.

Үйлөр 5 жана 7 кабатуу үйлөр бар жана чатырларында кенен террассалар, ар түрдүү балкондор менен жабдылган. Курулуштун жалпы аянты 37200,0 чарчы метрди түзөт. Бардык үйлөрдө сейилдөө жана оюн аянтчалары үчүн жерлер каралган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!