Сууда сүзүп жүрүүчү үй

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 12:35

Америкалык “Arkup” компаниясы эки кабаттуу суу үстүндө сүзүп жүрчү үйдүн концепциясын сунуштады. Күн батареяларынын жардамы менен иштеген электр кыймылдаткычтардын аркасында гидравликалык тиректер үйдү тең салмакта кармап, аны суунун үстүнө көтөрүп турат.

«Сүзүүчү үйлөр дүйнөнүн кээ бир бөлүктөрүндө, өзгөчө Нидерландыда, АКШнын батыш жээктери менен Азиянын түштүк-чыгышында өтө белгилүү», - деп айтылат "Arkup”тун пресс-релизде.

Чындыгында, Камбоджадан мындай түрдөгү үйлөрдү көп жолуктурууга болот. Бирок аны жакыр калктын үйлөрү жана бамбук кеме үйлөрүн, заманбап вилла яхтасы менен салыштыруу мүмкүн эмес.

Анткен менен, концепт өзгөчө жагымдуу көрүнөт. Автономдуу эки кабаттуу үй кемеси гидравликалык буттарын 6 метр тереңдикке чейин түшүрө алат. Үй иш-жүзүндө өзүн-өзү камсыздап турат. Чатырдагы жамгырдын суусун жыйнап жана анын күн батареясынын жалпы сыйымдуулугу 30 киловатт литий аккумуляторлору электр энергиясын үнөмдөйт.

Үйдө ошондой эле 4G, спутниктик сыналгы жана Wi-Fi сыяктуу баардык түрдөгү байланыш жабдылган. Куруучулардын айтымы оюнча үй 4чү категориядагы бороонго туруштук бере алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!