Төрага Ислам Каримовдун бейитине зыярат кылды

21-Дек. 2017, Бейшемби, 09:42

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Өзбекстандагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун күмбөзүнө гүлчамбарларды коюу иш-чарасына катышты.

Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Делегация имам “Аль-Бухари” мемориалдык комплексине жана “Регистан” аянтына барды.

Белгилей кетсек, парламенттик делегациянын курамында Өзбекстан менен кызматташуу боюнча Жогорку Кеңештеги достук тобунун жетекчиси Алмасбек Акматов, депутаттар Бакирдин Субанбеков, Алиярбек Абжалиев, Мурадыл Мадеминов, Азизбек Турсунбаев, Сайдулла Нышанов жана Камчыбек Жолдошбаевдер бар.

Эске салсак, аталган иш сапар Олий Мажлис Сенатынын төрагасы Н.Юлдашевдин чакыруусу боюнча уюштурулууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!