Төрага Нигматулинге кат жолдоду

21-Фев. 2018, Шаршемби, 16:51

Жогорку Кеңеш депутат Асылбек уулу Дамирбектин иши боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү укук коргоо органдары жүргүзүп жаткан иш-аракеттерге дыкаттык менен көз салып турарын билдирет жана буга чейин “Кыргызстан” парламенттик фракциясы тараткан билдирүүгө толугу менен кошулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Асылбек уулу Дамирбек социалдык-экономикалык маселелерди парламент трибунасынан байма-бай козгоп, жигердүү иш жүргүзгөн депутаттардын бири. Андан тышкары ал күрөш боюнча Кыргызстан жана Казакстан желегинин алдында эл аралык таймаштарга катышып, спорт дүйнөсүнө кеңири таанылган ишмер.

“Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Асылбек уулу Дамирбектин ишин эл аралык эрежелердин алкагында иликтөөгө жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугуштурууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кесиптеши Казакстандын Мажилисинин төрагасы Н.Нигматулиндин атына кат жолдоду. Жогорку Кеңеш Казакстандын аймагында кармалган кыргыз жарандарынын, анын ичинде депутат Асылбек уулу Дамирбектин иши Казакстандын тиешелүү органдары тарабынан мыйзам чегинде, адам укуктарын сактоо менен жана акыйкат иликтенет деп ишенет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эскертке кетсек, Казакстандын Башкы прокуратурасы Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 35 адам кармалып, катарында Кыргызстандын 3 жараны, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин бар экендигин тастыктаган. 18-февралда Алматы шаардык соту карап, аларды эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. 19-февралда, Кыргызстандын Башкы прокуратура Казакстандын Башкы прокуратурасына сурам жиберген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!