2017-жылдын саркеч көйнөктөрү

2017-жылдын саркеч көйнөктөрү
22-Июнь 2017, Бейшемби

Англичандар кийим тандоодо тыкан жана жабык кийинүү стили менен айырмаланат. Ошондуктан эгер сиз элегантуу жана акыркы модадан арта калбай кийинүүнү кааласаңыз анда сиз гардеробуңузду англис классикалуу көйнөктөрү менен толуктаңыз. Алдыңкы британ компанияларынын бизнес-айымдаы англис көйнөктөрүн тандашат.

Артыкчылыктар

Көйнөктөр англис классикалуу стилинде кымбат баалуу кездемелерден тигилет, бирок ошол эле учурда жөнөкөйлүгү менен айырмаланат. Бул көйнөктөр сиз үчүн көп убакты кызмат кылат, себеби алар бир нече жуугандан кийин да өз өңүн жоготпой ошол бойдон кала берет.

Англис стилиндеги көйнөктөр мартабалуу өңдөгү кездемелерден тигилет. Көпчүлүк учурда алар ак,боз жана кара өңдөр кездешет.

Бул көйнөктөрдүн жөнөкөй фасондо болуусу негизги айырмачылыгы болуп саналат. Ошого байланыштуу дизайнерлер анын ар бир бөлүтөрүнө көңүл бөлүп жана атайы байлаштар менен даярдашат. Алар денеге чак келген жана түз силуэттерге артыкчылык беришет. Баардык моделдер бир нече топчу жана узун жеңге ээ болушат.

Бул көйнөктөрдү чыгарууда трикотаж же табигый пахта колдонулат. Назик өңдөгү көйнөктөр клетка костюмдар же болбосо күндөлүк кийилчү кийимдер менен кийүүгө болот. Декоративдүү элементтер менен көйнөк кооздолбойт. Кээде гана кошумча чөнтөктөр же өзгөчө оригиналдуу топчулар колдонулат.

Бренддер

“Hawes and Curtis”

“Lewin”

“Burberry”


Кантип айкалыштырууга болот?

Классикалык үлгү-бул ак көйнөк, анын жардамы менен кеңсе образын түзүүгө болот. Мындай көйнөк ар бир кызда болуусу керек жана аны ар кандай кийим менен айкалыштырууга болот.

Классикалуу моделдеги көйнөк ар бир айымга куп жарашат. Ак түстөгү көйнөктөр расмий иш-чаралар үчүн да күнүмдүк образ үчүн ылайыктуу келет.

Ак түстөгү классикалуу көйнөктү джинсы менен мыкты айкалыштырса болот. Эгер сиз классиканы тандасаңыз денеге жабышкан жакасы тик болгон көйнөктү тандасаңыз жакшы. Ал эми эр жүрөк кыздар эркектердин стилиндеги көйнөктөрдү тандашат.

Азыркы күндө кенен жана стандартуу эмес бычылган көйнөктөр модалуу.

Эгер сиз кеңсе стилдеги образды тандоону кааласаңыз анда аны шым же юбка менен айкалыштырсаңыз болот. Күнүмдүк образды тузүү үчүн аны сиз каалаган кыска шымдар (шорта) юбка же джинсы менен айкалыштырыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!